Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине катышы бар деп кармалгандардын бөгөт чарасын кароону 16-декабрда да түн жарымына чейин улантып, чечим чыгарды.
Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Айбек Бусурманкулов, Кубаныч Кадыров, Марат Баязов жана Эрлан Бекчоро 20-апрелге чейин камакта калды.
Мамбетжунус Абылов ооруканада жаткандыктан анын бөгөт чарасы сырттан каралып, ал дагы эки айга тергөө абагында калтырылды.
Ден соолугуна байланыштуу Талантбек Эшалиевдин үй камагы эки айга узартылды. Сот 17-февралда уланат.
15-февралда райондук соттун чечими менен 11 жаран 20-апрелге чейин тергөө абагында калды. Нурлан Асанбековдун жана Орозайым Нарматованын үй камагы эки айга узартылды.
Кемпир-Абад иши боюнча сот башталды, отурумга тергөөчү келген жок. Жактоочулар ал келбей жатканын айтып, ал жок эле сотту улантууну суранды.
Бишкек административ сотундагы процесс 2-мартка жылдырылды. Буга судьянын "Настоящее время" каналынын юридикалык макамын аныктоо үчүн Юстиция министрлигине кайрылган чечими негиз болду. Мындай кайрылуулар үчүн мыйзамда 14 күн көрсөтүлгөндүктөн кийинки соттук жараян 2-мартка жылдырылды.