Биринчи Май райондук соту 15-февралда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган Улукбек Маматаевдин, Жеңиш Молдокматовдун жана Чыңгыз Капаровдун бөгөт чараларын өзүнчө карап, үчөөнү тең 20-апрелге чейин камакта калтырды.
Булардан тышкары дагы сегиз адамдын: саясатчылар Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов, Акыл Айтбаев жана жарандык активисттер Али Шабдан, Илгиз Шаменов, Таалай Мадеминовдун иши каралып, аларды дагы 20-апрелге чейин тергөө абагында калтыруу чечими чыкты.
Учурда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган саясатчы Равшан Жээнбеков саламаттыгы начарлаганына байланыштуу Бишкектеги менчик клиникалардын бирине жатат. Ал дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилери кабарланды.
Ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган Нурлан Асанбековдун жана жарандык активист, экс-депутат Орозайым Нарматованын үй камагы дагы эки айга узартылды.
Бүгүн, 16-февралда Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына жаткан саясатчы, активисттердин бөгөт чарасын кароону улантат.
Бул күнү Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Гулнара Журабаева, Перизат Суранова, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Айданбек Акматов, Атай Бейшенбек, Мамбетжунус Абылов, Кубаныч Кадыров, Эрлан Бекчороев жана Темир Махмудовдун бөгөт чарасы каралат.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган саясатчы Асия Сасыкбаева сотто "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Ал өзүнө дагы кошумча кылмыш иши козголгону тууралуу укканын айтып, аны менен тааныша электигин билдирди.
Азыркы соттук отурумду жашыруун деген макам алдында өткөрүүгө негиз жок экенин айтты.
Бүгүн, 16-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ушул ишке катышы бар деп кармалган 13 кишинин бөгөт чарасын карайт.
"Мында жашыруун сыр болушу мүмкүн эмес. Антени бүт эле, жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, сүйлөгөн сөзүбүздүн баары ачык. Экспертизанын жыйынтыгы менен таанышып чыктык. Ал жерде дагы башаламан. Экинчиси экспертиза биринчисинен айырмаланат. Дагы бир кылмыш ичи ачылганын уктум, бирок аны менен тааныша элекмин. Анткени биз тергөөчү менен жолуккан жокпуз", - деди Сасыкбаева.