Башаламандык уюштурууга шек саналып кармалып, камакка алынган жарандардын айыбы бар. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында билдирди. Аширходжаев кармоолор жана тинтүүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөнүн айтты.
"ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 20-октябрда Кылмыш жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандыктар") боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кылмыш иши боюнча атайын тергөө амалдары жүрүп, анын жыйынтыгында 23-октябрда 22 адамдын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, ошол эле күнү 21 адам кармалган. Аларга 24-октябрда айыптары угузулуп, Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 20 адам камакка алынды, бирөө ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды. Бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары Жазык кодексинин алкагында жүрүп жатат. Кармоо жана тинтүүнүн мыйзамдуулугу прокуратура жана сот тарабынан каралган, мыйзам бузуулар аныкталган жок".
Аширходжаевдин сөзүн Башкы прокуратуранын өкүлү Эмилбек Абдыманапов да ырастады.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү депутат Алишер Эрбаев министрдин орун басарынан кармалгандардын айыбына далилдер бар-жоктугун тактап сурады. Бул суроого Эркебек Аширходжаев "далилдер жетиштүү, курамында кылмыш аныкталды, ошол үчүн тергөө жүрүп жатат", - деп жооп берди.
Аширходжаевдин маалымдашынча, 21 адамдын кармалышы боюнча бир эле кылмыш иши козголгон.
"Ишеним" фракциясынын мүчөсү, депутат Руслан Жакышов башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандар эмне себептен ар кайсы райондук милиция бөлүмдөрүндө кармалып турганына кызыкты жана активист Атай Бейшенбек комитеттин мүчөсү болбосо да кармалганын сурады.
Эркебек Аширходжаев кармалгандарды ар кайсы милиция бөлүмдөрүндө камоо себебин Бишкек милициясынын убактылуу камоочу жайында орун калбаганына байланыштырды.
Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети бүгүн, 25-октябрда башаламандыкка шек саналып жапырт кармоо боюнча Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын маалыматын укту.