Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:03
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

13:58 20.10.2022

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусу үчүн оппозиционер саясатчы Азимбек Бекназаров суракка чакыртылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-октябрда чек ара маселеси тууралуу активисттер менен жолугушуу учурунда билдирди. Ташиев Бекназаровдун видео кайрылуусунда айткандары "чындыкка дал келбейт" деди.

Аталган кайрылууда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.

Бекназаровдун суракка чакырылышы боюнча укук коргоо органдары расмий маалымат бере элек.

УКМК төрагасы ошондой эле жакынкы күндөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында жашаган элге да чек ара боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады. Ташиев суу сактагычтын 900-горизонталына өзү барып, казык кагып, анын чегин жергиликтүү тургундарга көрсөтүп бере турган болду.

Ушул тапта президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер кыргыз-өзбек чек арасынын айланасындагы кырдаал боюнча түшүндүрмө берип жатышат. Жыйынга жарандык активисттер, чек арадагы айылдардын тургундары чакырылганы кабарланган.

Жыйын жабык өтүп жатат. Айрым активисттер жыйын түз ободо көрсөтүлүүсүн талап кылышты.

14:16 20.10.2022

15:29 20.10.2022

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды. Аны кызматтан алууга 42 депутат макул болсо, 17си каршы добуш беришти.

Мунун алдында Айдарбековду комитет төрагалыгынан алуу маселесинде парламентте талаш-талкуу жаралган. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров мындай учур ар бир депутаттын, комитет төрагасынын башына келе турганын айтса, эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев "комитет коллегиалдуу орган экенин, анын чечимдерине кол койбой коюусу жоопкерчиликтен качуу экенин" айтты.

"Азыркы көтөрүлүп жаткан маселе чек ара маселеси эмес, Кемпир-Абад маселеси эмес. Жыйынды ачып, өткөрүп, акырына келип жоопкерчиликтен качып, кол койбогону үчүн. Ушуну түшүнүп алгылачы. Мен деле жөн эле кол коюп коет деген кишилерден эмесмин. Чек аранын бул жерде тиешеси жок", - деди Сатыбалдиев.

Айрым депутаттар комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Айдарбековду айыптап, "саясий ката жана Жогорку Кеңештин ишине саботаж" деп баалашты. Муну кылмыш деп атагандар да болду.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бул маселени чыгарыштын өзү туура эмес экенин жана ар бир комитеттин төрагасынын башына келиши ыктымал экенин айткан.

"Альянс" фракциясынын лидери Жанарбек Акаев эгер депутаттар Айдарбековду төрагалыктан чакыртып алса, фракция бир дагы комитетке төрагалык кылбай турганын билдирген.

Чыңгыз Айдарбеков өзү ката андан кетпегенин билдирди.

"Комитет төрагалары кандай дайындалса, ошондой эле алып коюп жатат. Мен жыйынды регламенттин негизинде өткөрдүм. Сабатсыздык дагы болду, кагаздар бизге туура эмес берилди. Бул менден көз каранды эмес. Депутаттардын бардыгы күбө болушту. Мен көп нерселерди жарыялай албайм. Анан депутаттардын өзүнө маалымат берем. Бирок тарыхый кагаздарга карасак ушул суу сактагыч Кыргызстандыкы. Биз өткөрүп бергенбиз деген бир дагы кагаз жок. Мен регламенттин негизинде алып бардым. Калганы депутаттардын чечими менен болду. Жоопкерчилик баарыбызда. Эгер маселе ушунда чыкса каршы болгон депутаттар ушул чечимге кол койсун", - деди Айдарбеков.

16:19 20.10.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG