Чек ара боюнча жабык жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Азимбек Бекназаров суракка чакыртылганын, буга саясатчынын кыргыз-өзбек чек арасы боюнча видео кайрылуусу себеп болгонун айтты. Аталган кайрылууда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыздыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.
Жогорку Кеңештеги беш фракция Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу боюнча чечимдерин парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге жөнөтүштү. Бул тууралуу Шакиев парламенттин 20-октябрдагы жалпы жыйынында билдирди.
Бул маселе депутаттардын чечими менен парламенттин күн тартибине киргизилип, жалпы жыйында кармалмай болду.
Төрага кайсы фракциялар макулдук бергенин айткан жок.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков президент Садыр Жапаров менен жолугушканын 19-октябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирген. Эл өкүлү комитет төрагалыгынан кетүүгө арызын жазууга даяр экенин айтып, бирок качан кетерин ачыктаган эмес. Ал өз сөзүндө "кандай болбосун бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн баарыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп терең ишенем", - деп айткан.