Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

14:40 15.10.2022

Курултайдын катышуучусу: Референдум дегенге ишенбей турам. Добуш берүүнү жасап койсо болот. Камчыбек Ташиев билбей 100 гектарды берип коюпмун деп жатат. Ушул кишиге биз чек араны чечтирелиби?

14:51 15.10.2022

Курултайдын катышуучусу: УКМК бүгүн элди аңдыган орган болуп калды. Жерди билбей берип алыпмын дегендей бул киши айыл өкмөт башчысы эмес да. Андай болгон соң чек ара маселесин чечүүгө, протоколго кол коюуга моралдык укугу жок.

15:07 15.10.2022

Экс-баш прокурор жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаров Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Өзбекстан менен макулдашкан документке кол койбоого чакырды.

Бул тууралуу ал Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан элдик курултайда сүйлөп жатып билдирди. Ал курултайдын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдерди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге дагы жөнөтүүнү сунуштады.

15:11 15.10.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG