Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:39
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

18:21 23.6.2023

18:21 23.6.2023

18:09 23.6.2023

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакта жаткан 16 адамдын экөө - Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыкты. Мындай чечимди бүгүн, 23-июнда Биринчи май райондук соту чыгарды.

Сотто жүргөн кабарчыбыздын маалымдашынча, калган 14 адам абакта калды. Кемпир-Абад иши боюнча 26-июнда уланмай болду. Бүгүнкү соттук отурумда адвокаттар Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта отургандардын баарын үй камагына чыгарууну, ошондой эле өлкө ичинде эркин жүрүүсүнө да уруксат берүүнү өтүнүшкөн.

22-23-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуу жабык өттү.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда кармалып, камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта калды. Буга чейин 11 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

16:50 23.6.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG