Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

14:30 22.6.2023

Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала соттук угуу 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда башталууда.

"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, Кемпир-Абад иши боюнча сотко алгачкылардан болуп абакта жаткан Жеңиш Молдакматов алып келинди.

Алдын ала угууда бир катар маселе караларын буга чейин жактоочу Бакытбек Автандил уулу “Азаттыкка”билдирген.

“Мыйзамсыз топтолгон материалдарды иштен жок кылуу, кармалып тургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү, ишти кыскартуу өтүнүчү келтирилет. Албетте, кылмыш ишиндеги "жашыруун" грифин алып салып, отурумдарды ачык өткөрүүнү да сунуштайбыз. Жогору жактан басым болбосо эле гриф алынып, иш ачык каралат деп ойлойм. Анткени мында эч кандай жашыруун сыр жок”, -деген ал.

Коомчулукта Кемпир-Абад иши деп аталган, массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деп шек саналган 27 кишиге кылмыш иши козголгон. Башында баары убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин ар кандай жагдайда алардын 11и үй камагына чыккан. Азыр аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта жатат.

Шек саналгандар сегиз айга созулган тергөө учурунда эч кандай сурак болбой жатканын айтып, бири да күнөөсүн моюнуна алган эмес. Орто жолдо абактагы саясатчы, активисттер жана укук коргоочулар ачкачылык жарыялап, бийликтен аларды бошотууну талап кылышкан. Алар өздөрүн саясий туткун экенин айтып келсе, ИИМ абактагылардын кылмыш кылганын далилдей турган материалдар жетиштүү экенин билдирген.

11:35 4.5.2023

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу айыпталып жаткандар бүгүн 4-майда президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Анда "коомдук импичмент" деп аталган ишеним көрсөтпөө демилгеси баштала турганы айтылган.

Алты айдан бери 37 тергөөчү, ондогон ыкчам кызматкер аларга коюлган айыпка далил таба албай жатканын, өздөрүнө жана жакындарына “эч негизсиз жана мыйзамсыз, орду толгус моралдык-саясий, материалдык, физикалык жана психологиялык кыйноо, басмырлоо, шылдыңдоо, адамкерчиликсиз мамиле эң жогорку мамлекеттик деңгээлде жүрүп, сындыруу, президенттен кечирим суратуу” аракети болуп келатканын айтышты.

“Биз бийликке теңелбедик, баарына чыдап келдик. Адилеттүүлүк болор деген үмүт болгон. Кемпирабадчылар сизден эч качан кечирим сурабайбыз. Себеби, биз мамлекет, эл, мыйзам алдында эч кандай күнөө кылган жокпуз. Тескерисинче, Конституцияны, мыйзамдарды эки жылдан бери сиз өзүңүз командаңыз менен бузуп жатасыздар. Ошондуктан өзүңүз бизден, элден кечирим сурап, президенттик кызматтан өз ыктыярыңыз менен тынч кетсеңиз туура болот деп эсептейбиз!”, - деп айтылды кайрылууда.

Анда “Баткендеги соңку эки кандуу окуя, Кемпир-Абад, Кумтөр сыяктуу кен байлыктардагы коррупция, соттолгон кылмышкерлерди мыйзамдаштыруу, адам укуктарын бузуу менен катар “Азаттыкка” окшогон эркин медиаларды жабуу, “кустуруу”, парламент менен соттун ишине кийлигишүү” деген жети маселе көтөрүлдү.

Бул кайрылууга президенттик администрация комментарий бере элек.

11:04 4.5.2023

Кемпир-Абад иши боюнча камалган активист Илгиз Шаменовго 3-майда кошумча айып угузулду. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, кошумча айыпта Шаменов бийликти күч менен басып алуу аракетин уюштурууга даярдык көргөн деп жазылган.

"Азыр Илгиз Шаменовго Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан төмөндөгүдөй кошумча айып угузулду. “Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө багытталган аракеттерди уюштурууга даярдык көргөн”. Бул берене боюнча жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган", - деп жазды Жоошев.

Адвокат ошондой эле эл арасында “Кемпир-Абад иши” деп аталып калган жазык иши жакынкы арада сотко өткөрүлүп калышы ыктымалдыгын да кошумчалады.

Замир Жоошевдин "Азаттыкка" тактаганы боюнча, Илгиз Шаменовго Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси ("Кылмышка даярдык көрүү") жана 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") менен кошумча айыбы угузулду.

"Кошумча айып угузууга соттук-лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы негиз бергени айтылды", - деди Жоошев.

ИИМ буга байланыштуу маалымат бере элек.

18:48 3.5.2023

Бишкек шаардык соту 3-майда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган саясатчылар Азимбек Бекназаров менен Кубанычбек Кадыровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, канааттандырган жок. Эки саясатчы тең 20-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калды.

2-майда аталган сот Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган Эрлан Бекчоро уулун, Равшан Жээнбековду, Рита Карасартованы, Акыл Айтбаевди жана Илгиз Шаменовду да 20-июнга чейин камакта калтырган.

Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу 16 активист, саясатчы, коомдук ишмер жана укук коргоочу камакта отурат. Активист, укук коргоочу Рита Карасартова камакта калган жалгыз аял.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG