Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:03
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткандардан Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу жана Али Шабдан үй камагына чыкты.

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыкты

"Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деген негизде 23-октябрда кармалган 20дан ашык оппозициялык саясатчылар менен активисттер камакка алынган.

Камалгандар күнөөсү жоктугун айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Милиция далилдер жетиштүү экенин билдирген. Бул ишке "жашыруун" деген гриф коюлгандыктан, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

13:02 2.5.2023

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган активист Эрлан Бекчоро уулунун бөгөт чарасын карап, абакта калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Кантемир Турдалиев “Азаттыкка” билдирди. Ага дагы бир айып тагылганы белгилүү болду.

"Бүгүн шаардык сот 17-апрелде Биринчи май райондук соту чыгарган токтомду күчүндө калтырган чечим чыгарды. Биз үй камагына чыгарып берүүнү өтүнгөнбүз. Бул чечим даттанууга жатпайт, бирок биз бейөкмөт уюмдар аркылуу эл аралык укук коргоо мекемелерине кайрылуу жасап жатабыз. Маселен, бул саясий өңүттө гана каралып аткан ишке айланып, укуктук талаага келе албай жатабыз”, - деди адвокат.


Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты активистке башында “Массалык башаламандыктарга чакырыктар” деген берене менен айып коюлганын, бирок 26-апрелде ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренесине ылайык дагы бир айып койгонун кошумчалады.

Бекчоро уулунун жакындары соттук процесске катышкан жок. Журналисттер активистти алып келген учурду тартып алууга аракет кылганда сот аткаруучулар аларды имараттан чыгарып салды.

Бүгүн сотто ошондой эле Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, укук коргоочу Рита Карасартованы үй камагына чыгаруу боюнча алардын адвокаттарынын арызы каралары айтылууда.

16:18 12.4.2023

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган Гүлнара Журабаеванын да бөгөт чарасын өзгөрттү. Сот чечимине ылайык, Журабаева 20-июнга чейин үй камагында болот.

Ушул эле соттун чечими менен активист Чыңгыз Капаровдун да бөгөт чарасы өзгөрүп, үй камагына чыкты. Капаров саламаттыгына байланыштуу 11-апрелде тергөө абагынан ооруканага которулган.

Биринчи Май райондук сотунун 12-апрелдеги чечим менен Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта отурган Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев жана Таалайбек Мадеминов да үй камагына чыгарылды.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылган. Бул ишке байланыштуу кармалып, камалган Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

16:18 12.4.2023

1 2-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрда камакка алынган "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаевди 20-июнга чейин үй камагына чыгарды.

Маматаев тергөө койгон айыптар менен макул эместигин, Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын укугу тиешелүү деңгээлде корголушу зарылдыгын айтып, бул үчүн күрөшөрүн билдирди. Ал президент Садыр Жапаровго бул иш боюнча бурмаланган маалымат жеткен деп эсептерин айтты.

Март айынын аягында Маматаев президент Садыр Жапаровго оор операциядан кийин медициналык кароого жана реабилитацияга муктаж экенин айтып, "биздин саламаттыгыбыз жана өмүрүбүз сиздин жоопкерчилигиңизде болот" деп кайрылган.

Ал март айында операция болуп, оор абалда реанимацияда бир нече күн жаткандан кийин №1 тергөө абагына которулган.

16:12 12.4.2023

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын карап жатат. Соттун чечими менен экс-депутат Асия Сасыкбаева 20-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Ушул эле соттун чечими менен бул күнү камактагы саясатчылар Клара Сооронкулова, Мамбетжунус Абылов да үй камагына чыккан.

Март айында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Асия Сасыкбаева менен абактан жолугуп чыккандан кийин ал отурган камера сыз, нымдуу болуп жатканын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG