Казакстандагы тополоңго байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер жолоочулар үчүн чектөөлөр менен иштеп жатат. Расмий органдар чек арадан жүк ташуучу транспорт каражаттары тоскоолдуксуз өтүп жатканын билдирүүдө.
Казакстандагы окуялардын Кыргызстандын экономикасына таасири кандай болот?
“Кабатырланууга негиз жок”
Чек ара кызматы 10-январга карата Казакстан менен чектешкен бардык өткөрмө бекеттерде кыргыз жарандары үчүн чектөөлөр киргизилгенин билдирди. Мекеменин маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынын улук офицери Асылкерим Ажиев жүк ташуучу транспортко чектөөлөр жок экенин айтууда.
“Кыргызстандын “Ак-Тилек-автожол”, Казакстандын “Кара-Суу-автожол” көзөмөл-өткөрмө жайында чектөөлөр бар. Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду. Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар “Актилек-автожол” көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу кире алышат. Андан сырткары Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары “Актилек-автожол” көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу чыга алышат. Ал эми оор жүк ташуучу транспорт каражаттары COVID-19га байланыштуу чектөөлөрдү эске алуу менен “Актилек-автожол” көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип-чыга алышат”.
Ушундай эле чектөөлөр “Ак-Жол-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Чоң-Капка-автожол” жана “Каркыра-автожол” көзөмөл өткөрмө жайларында да киргизилген. Өлкөдө азык-түлүк каатчылыгы жана баалардын кымбатташына негиз болуучу белгилер азырынча байкала элек. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда азык-түлүктүн үч айлык запасы бар. Фонддун жетекчисинин орун басары Рустам Каракулов Казакстандагы окуялар бизде азык-түлүктүн тартыштыгын жаратпайт деген ишенимде.
“Азык-түлүктүн үч айга толук жетерлик запасы бар. Буудай, ун түрүндө турат, керек болсо ун дагы чыгарып беребиз. Бүгүнкү күндө өкмөт элге 11 467 тонна гуманитардык жардам чыгарып жатат, февралдын башында таркатып калабыз. Андан тышкары, ун чыгаруучуларда да үч айга жете турган запасы бар. Анын үстүнө кайра сатып алуулар жүрүүдө. Орусиядан буудай алып жатабыз, алардын калдыктары дагы эле келип жатат”, - дейт Рустам Каракулов.
"Логистика тармагы жабыркады"
Кыргызстандын жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев жүк ташуучу унаалар үчүн үч өткөрмө бекет иштеп жатканын, башка бекеттер казак тараптан жабылганын айтты. Ал эми Казакстан аркылуу каттап жаткан унааларга айрым казак жарандары тийишип жатканын же май куйуучу бекеттеринде мунай жок болуп калган учурлар бар экенин билдирди.
“Талаада, чон трассалардын боюндагы айылдарда жергиликтүү жаштардын айдоочуларга тийишкен учурлары бар. Акча талап кылып же ашыкча сөздөрдү сүйлөшөт. Бирок, мамлекеттик органдардын атынан эч кандай тоскоолдук жок. Транзиттик жүктөрдүн документтерин текшерип эле өткөрүп жатышат. Казактар кечээ күндөн баштап беш бекетти жаап, "Ак-Тилек-автожол" менен "Чоң-Капка-автожол" бекеттери калган болчу. Бүгүн эрте менен Чалдыбардагы бекетти да ачыптыр. Биз тараптан ачык эле, Казакстандан ашыкча кишилер чыгып кетпесин деген мааниде жаап жатышат”.
Шабданалиев Орусия Казакстан менен чек арасындагы өткөрмө жайларды жаап койгондуктан Челябинск, Урал шаарларында Кыргызстандын транзиттик жүк ташуучулары бери карап кыйынчылык менен өтүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, жүк ташуунун көлөмү такыр токтоп калган эмес, бирок бир аз кыскарганы байкалды.
Кыргызстандын жеткирүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева Казакстандан келүүчү товарлар убактылуу токтоп турганын, бирок бул факты азык-түлүк коопсуздугуна азырынча таасир бербей турганын айтты.
“Адатта жеткирүүчүлөр жаңы жылдык узак каникулдардын алдында товарды көбүрөөк камдап алышат. Андыктан, бизде азык-түлүктүн запасы жетиштүү. Казакстан аркылуу Орусиянын товарларынын бир бөлүгү өткөн. Бир гана казак товарлары бир аз токтоп турат. Албетте, белгилүү бир кабатырлануу бар. Казакстандык айрым жеткирүүчүлөр менен байланыш үзүлүп калды. Башкача айтканда, биздикилер акча төлөгөн, товарды алышы керек, байланыш болсо үзүлүп калган. Бул жааттан алганда кабатырлануу бар. Бирок, бул эки-үч жума болсо, коркунучтуу деле эмес”.
Байкоочулар Казакстандагы окуялардан Кыргызстандын логистикалык тармагы көбүрөөк жабыркаганын билдирип жатышат. Ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Бакыт Дегенбаев Казакстандан транзит аркылуу товар алып өтүү үзгүлтүккө учурап жатканын айтат.
“Эң биринчиден логистика тармагы жабыркады. Такталган маалыматтар боюнча, Орусияга бараткан биздин жүктөрүбүз Казакстандан өтө албай токтоп турат. Чек аранын бери жагында кире албай тургандар бар. Логистика зыян көргөндөн кийин, башка бардык тармактар жабыркайт. Импорттун көбү Казакстанга байланыштуу. Ун менен буудай стратегиялык азык-түлүк да. Казакстандан ун алабыз. Күйүүчү май Казакстан аркылуу келет. Жаңылбасам Жапония, Түштүк Корея, Кытайдан келе турган товарлардын 80-90% Казакстан аркылуу келет. Ушунун баары азыр токтоп турат”.
Казакстан Кыргызстан үчүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирген башка өлкөлөр менен транспорттук-логистикалык байланышууда башкы транзиттик өлкө болуп эсептелет. Ал аркылуу Европа жана Азиянын ири мамлекеттерине авиакаттамдар, темир жол жана кара жол каттамдары ишке ашырылат.
Казакстандагы окуялардан улам интернет байланышы үзгүлтүккө учурап жаткандыктан, Кыргызстанда да айрым тармактарга таасир берип жатканы байкалууда. 5-январда "Оптима банктын" кардарларды тейлөөсү жана мобилдик тиркемесинин иши убактылуу үзгүлтүккө учураган.