Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

"Кечиргиле, бул менин катам". Чуулгандуу пикир жазган депутат мандатынан ажырады


Казакстандын парламентинин жыйыны
Казакстандын парламентинин жыйыны

Алматы шаардык кеңешине бийликтеги "Аманат" партиясынан шайланган Анна Башинская Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин соцтармактагы видеосуна жазган комментарийинен улам мандатын тапшырганын жарыялады. Анда казакстандык депутат "Түркияга барганыңыз оң, Зеленский мырза! Ал жак жыл бою жылуу болот" деп жазган.

"Азыркы оор кырдаалда менин пикирим орунсуз болгонун дагы бир жолу айткым келет. Бул пикирим коомчулуктун алдында оор кырдаалды жаратты. Партиянын расмий позициясына кошулам. Мен өзүмдүн жеке жоопкерчилигимди түшүнүп, депутаттык мандатымды токтотуу чечимине келдим. Жердештеримден жана партиялаштарымдан кетирген катачылыгым үчүн кечирим сурайм”,- деп жазды ал Фейсбуктагы баракчасына.

Deutsche Welle басылмасы өткөн апта жарыялаган макаласында Зеленский "биз контрчабуулга өтүп, Орусия басып алган аймактарды, анын ичинде Крымды кайтарып алабыз" деп айткан. Башинская бул макаланын астына чуулгандуу комментарийин жазып, кийин өчүрүп салган.

Бирок 1-майда КазТАГ маалымат агенттиги депутаттын жазгандары тууралуу жаңылык чыгарган.

Көп өтпөй Анна Башинская украин президентинин билдирүүсүнө ойлонбой комментарий жазганын айтып, "боордош түрк элинен" кечирим сураган.

"Украина менен Орусиянын элине тынчтык гана каалайм. Кечиргиле, бул менин катам. Бул маселе боюнча пикир жазууга укугум жок, өзүбүздүн мамлекетибиз бар, депутат катары бакубатчылыкты ойлошум керек болчу" - деп жазган Башинская кечирим сураган билдирүүсүндө.

Буга карабай социалдык түйүндөрдө түрк бийлигине Башинскаяны "нон-грата персонасы" деп жарыялоо тууралуу чакырыктар да пайда болууда.

Муну менен катар социалдык тармактардын колдонуучулары "Аманат" партиясынан Башинскаяга чара көрүүнү талап кылышууда.

2-майда "Аманат" партиясынын Алматыдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Станислав Канкуров Башинскаянын аракети " партиянын тиешелүү органдарында каралат" деп билдирди.

Шаршембиде "Аманат" партиясынын жооптуу катчысы Элнур Бейсенбаев болсо ал депутаттык ыйгарым укуктарын тапшырып эле тим болбостон, партиянын катарынан да кеткенин жарыялады.

"Путинди колдойм!"

Буга чейин казак парламентинин мурдагы чакырылышынын депутаты Азамат Абилдаев "Азаттыкка" берген маегинде Орусиянын Украинага каршы согушта колдой турганын моюнуна алган соң "Ак жол" партиясынан чыгарылып, мандатынан ажыраган.

Анда партиянын төрагасы Азат Перуашев депутаттын айтканы "Ак жолдун" позициясына каршы келерин, партиялык жана депутаттык этикага жатпай турганын билдирген эле.

Астана Орусиянын Украинага басып киргенин расмий айыптаган эмес. Бирок өздөрүн "Донецк элдик республикасы", "Луганск элдик республикасы" деген аймактарды тааныбай турганын билдирген. Согуш башталгандан бери Казакстан Украинага бир канча жолу гуманитардык жардам жөнөттү. Казак активисттери Буча жана Киев шаарларына боз үй тигип, элге ысык тамак жана жардам берүүчү пунктка айландырышкан.

Казакстан Орусия менен эң узун чек арасы бар, этностук орустардын саны жагынан мурдагы постсоветтик аймакта Украинадан кийинки экинчи орунда турат.

Орусия менен Казакстандын чек арасы 7598,8 чакырымга уланат. Анын чегин тактоо 2005-жылы аяктаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG