Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:01
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

04:18 10.1.2022

Казак боордошторго боор тарткандар

Казак боордошторго боор тарткандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:30 0:00

Ыктыярчылар менен Бишкектин мэриясы “Манас” эл аралык аэропортуна транзиттик каттамдар менен түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаа даярдап, "Ак-Жол" чек ара бекетине бекер жеткирип жатышат. Түн бир оокумда келип конгон коңшу өлкөнүн жарандары Бишкекте мейманканага жайгаштырылып, ысык тамак-аш менен камсыздалууда.

11:36 10.1.2022

Бүгүн, 10-январь Казакстанда улуттук аза күтүү күнү.

9-январда Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги өзүнүн Телеграм каналына 164 адам өлгөнүн жазган. Кийин өкмөт муну "техникалык" ката деген негизде четке какты.

Нур-Султан шаарында түшүрүлгөн желек. 10-январь, 2022-жыл.
Нур-Султан шаарында түшүрүлгөн желек. 10-январь, 2022-жыл.

Казакстандагы башаламандыктарда канча киши көз жумганы беймаалым. Бийлик бул боюнча расмий билдирүү тарата элек. Буга чейин күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана "куралчан" 26 адам өлгөнү тууралуу маалымат чыккан. Балдар акыйкатчысы Аружан Саин Алматыда эки бала октон кайтыш болгонун билдирген.

11:37 10.1.2022

14 кыргыз жараны мекенине алып келинди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-январда Алматы шаарындагы Башкы консулдук 14 кыргыз жаранын мекенине алып келгенин билдирди. Алардын ичинде аялдар жана балдар бар.

Министрлик мындан тышкары Нур-Султан шаары менен авиа каттам токтоп тургандыктан 15 кыргыз жаранын темир жол аркылуу алып келүү боюнча иш жүрүп жатканын маалымдады.

6-январда ТИМ жыйырма кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирген. Алардын арасында аялдар, балдар бар. Атайын уюштурулган транспорт менен кыргызстандыктардан тышкары жыйырма орус, бир тажик, бир өзбек жараны келген.

11:38 10.1.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG