Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:46
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

18:38 8.1.2022

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Жаңы-Өзөндөгү нааразылык митинги тараганын билдирди. Аянтта 40-50 киши калды деди ал. Мунун алдында Актау шаарындагы митингчилер тарап кеткени айтылган.

Актау шаарындагы митингчилер тарады. 8-январь, 2022-жыл.
Актау шаарындагы митингчилер тарады. 8-январь, 2022-жыл.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарында суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митинг башталган. Кийин аларды колдогон акциялар Казакстандын бир катар шаарларында өтүп, социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар айтылган. Айрым жерлерде башаламандыктар болуп, президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрү кирди.

16:40 8.1.2022

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу кармалгандар арасында Кыргызстандын жарандары бар же жок экендиги такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 8-январда билдирди.

“Учурда министрликтин тапшырмасы менен Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан кошуна өлкөнүн компетенттүү органдары жүргүзүп жаткан атайын операциялардын жүрүшүндө массалык тартипсиздиктерге катышкандыгы үчүн кармалгандардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жок экендигин тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө”,- деп жазылган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын 100 миңге жакын жараны Казакстанда эмгек миграциясында жүрөт. Башка маалыматтарга таянсак, бул көрсөткүч бир нече эсе көп. Кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Нур-Султан, Алматы жана өлкөнүн түштүгүндөгү Чымкент шаарында.

Казакстандын Ички иштер министрлиги соңку окуяларга байланыштуу 4266 адам кармалганын, арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин билдирген. Кайсы өлкө жарандары экени так айтылган эмес.

Ошону менен бирге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерди Казакстандын мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактоо менен, жашаган жеринен алыс чыкпай, ар кандай чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого дагы бир ирет чакырат.

Казакстандын аймагында, айрыкча Алматы шаарынын аймагында жүргөн жарандар төмөнкү телефон номерелери аркылуу Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышта болууну сунуштайт:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш алуу, кайрылуулар үчүн министрликтин ыкчам байланыш телефондору иштөөдө.

ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465;

Кыргызстандын Нур-Султан шаарындагы элчилиги

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009.

15:32 8.1.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды улуттук аза күнү деп жарыялады.

"Бир катар аймактардагы каргашалуу окуяларда көп адам курман болгондугуна байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 10-январын улуттук аза күнү деп жарыялоону чечти. Тиешелүү жарлык жарыяланат",-деп жазды "Фейсбук" баракчасына президенттин маалымат катчысы Берик Уали.

Расмий маалыматына караганда, бул окуяларда 44 адам, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн 18 өкүлү каза болду. Бейрасмий маалыматтарда каза болгон жарандардын саны алда канча көп болушу мүмкүн экени айтылууда.

14:30 8.1.2022

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев учурда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында экенин анын басма сөз катчысы Айдос Үкибай "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Ал Назарабев президент Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп, бир катар консультациялык жолугушууларды өткөрүп жатканын кабарлаган. Бирок, Үкибай айткандарын тастыктай турган башка жагдайларды көрсөткөн эмес.

“Элбашы Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында. Такталбаган жана башка кызыкчылыктарды көздөгөн маалыматтарды жайылтпоону өтүнөбүз”, - деп жазган Назарбаевдин басма сөз катчысы.

Маалыматта Нурсултан Назарбаев учурда Казакстан менен достук мамиледе болгон өлкөлөрдүн башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы да айтылган. Ошондой эле Назарбаевдин өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калуу үчүн бардык күчтөрдү Казакстандын президентинин айланасына биригүүгө үндөй тургандын жазды.

Буга чейин "Дождь" телеканалы жергиликтүү журналисттин айтканына таянып, Назарбаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөдөн чыгып кеткенин кабарлаган эле.

2-январдагы нааразылык акциялары башталгандан бери Назарбаев эл алдына чыга элек. Анын атынан да эч кандай билдирүүлөр болгон эмес. Ошол эле учурда азыркы президент Касым-Жомарт Токаев 5-январда элге кайрылып, Коопсуздук кеңешинин башчылыгын колуна алганын билдирди. Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган Назарбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин Коопсуздук кеңешин жетектеп келген. Ага кол тийбестик макамын берген "Элбашы" деген наам ыйгарылган.

Казакстандагы соңку толкундоолордо Назарабевдин саясаттан кетишин талап кылган чакырыктар да айтылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG