Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

11:10 8.1.2022

Беларустун БелТА мамлекеттик агенттиги президент Александр Лукашкенко 7-январда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлады. Бул маалыматты Лукашенко тууралуу расмий кабарларды таратып жүргөн телеграм каналы да жарыялады.

БелТА маалымдагандай, Лукашкенко менен Назарбаев Казакстандагы кырдаалды талкуулаган. Бирок, расмий агенттик кандай сөз болгонун ачык жарыялаган жок.

Назарбаев акыркы жолу коомчулуктун алдына 28-декабрда чыккан эле. Анда ал Санкт-Петербургда өткөн КМШнын бейформал саммитине катышкан. Адатта Казакстандагы негизги окуялар боюнча пикирин билдирип жүргөн Назарбаев бир аптадан бери өлкөдө болуп жаткан кырдаал тууралуу үн ката элек. Анын кайда экени белгисиз. Акордо Назарбаев тууралуу эч кандай маалымат чыгарган жок.

10:31 8.1.2022

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырып, муну мыйзамсыз деп атады.

Казак бийлиги бул буйругун тез арада жокко чыгарышы керек. Анткени ал эл аралык укук эрежелерине жана Казакстандын милдеттенмелерине каршы келет деп айтылат уюм тараткан билдирүүдө.

Полиция жана куралдуу күчтөр адам өмүрүн коргоого болгон аракетин көрүп, арагасыз учурда гана курал колдонууга барышы керектигин белгилейт уюм. Тиешелүү органдар зомбулук жана адам өлтүрүү боюнча билдирүүлөргө оперативдүү жооп берип, көз карандысыз иликтөө жүрүшүн камсыздашы керектиги айтылат.

Ошондой эле Human Rights Watch уюмунун өкүлү Летта Тайлер Казакстан эгемендик алган жылдар ичиндеги эң катаал кризисти башынан кечирип жатканын, бүтүндөй дүйнө өкмөттүн адам укуктарына жасаган мамилесине байкоо салып турганын айтты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 7-январда телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын маалымдады. Токаев “террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин" билдирген.

“Бирок, террорчулар мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө дагы деле зыян келтирүүдө, жарандарга карата курал колдонуусун улантууда. Ошондуктан укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет жакта тургандар тараптарды тынчтык жол менен сүйлөшүп чечүүгө чакырыктар айтылып жатат. Кандай акылсыздык! Кылмышкерлер жана киши өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз чет элдик жана жергиликтүү куралдуу жана атайын даярдыктан өткөн башкесерлер менен кармашып жатабыз. Бандиттер жана террорчулар. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул жакын арада толук аткарылат”,-деген ал.

09:43 8.1.2022

Казакстандын “Хабар 24” телеканалы Ички иштер министрлигине таянып, соңку нааразылыктарга байланыштуу кармалгандардын саны 3811 адамга жеткенин жазды.

Кармалгандардын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлү, эл арасында “Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев да бар. Аны менен чогуу уюшкан кылмыштуу топтун алты мүчөсү колго түшкөн. Алар полицияга каршы ок аткан деп шектелүүдө.

“Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев.
“Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев.

Жумагалдиев буга чейин 5-январда Алматы шаардык акимиатынын алдындагы акцияларда чыгып сөз сүйлөгөн. Кийин видео аркылуу кайрылууларды таратып жатты. Ал 2005-жылы Чымкентте саясатчы Жармахан Туякбай баштаган “Адилеттүү Казакстан үчүн” кыймылынын жыйынына чабуул жасаган. Кийин Жумагелдиевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал шарттуу түрдө жаза алган. 2008-жылы Чымкентте болгон атышууда да аты аталып, кийин бир нече ирет тергөө абагына камалып чыккан.

Казакстандын ИИМ атайын операция учурунда "26 куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын мурдараак маалымдаган. ИИМ “бузуку топтор менен” кагылыш учурунда Алматы менен Чымкентте 216 аскери жараланганын тактады. 6-январдагы маалыматта күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза болгон.

Президент Касым-Жомарт Токаев "террорчуларды жана бандиттерди эскертүүсүз атууга буйрук бергенин" маалымдады. Бийлик “бузуку топтор”, “кылмыштуу топтор” деген терминди колдонгону менен алар тууралуу кеңири маалымат айта элек.

23:21 7.1.2022

Азаттык TV: Токаев ок атууга уруксат берди, кыргыз аскерлери аттанды

Токаев ок атууга уруксат берди, кыргыз аскерлери аттанды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:06 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG