Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49
Карим Масимов.
Карим Масимов.

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды

19:24 5.1.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, Коопсуздук кеңешинин башчылыгын колуна алганын билдирди. Буга чейин аны Нурсултан Назарбаев башкарып турган эле. Президент мамлекеттик телеканалдар аркылуу жасаган кайрылуусунда каршылык акциялар учурунда каза тапкандар бар экенин айтты.

“Кандай болгон күндө дагы башкалаа Нур-Султанды таштап чыгып кетүү ниетим жок ”, - деген Токаев элди тынчтыкка чакырды.

Коопсуздук кеңешинин төрөгасы – Казакстандагы жогорку кызматтардын бири. Казакстанды отуз жылдай башкарган Нурсултан Назарбаев 2019-жылдын март айында президенттиктен кеткен. Бирок бийликтеги партиянын төрагалыгын сактап калган. Коопсуздук кеңешин көзү өткөнчө башкаруу укугуна ээ болгон. Ага чейин ага "Элбасы" наамын алган.

Байкоочулар 82 жаштагы Назарбаев мурдагыдай эле өлкөнү де-факто өзү башкарып жатканын айтып, аны Кытайдын мурдагы лидери Дэн Сяопин менен салыштырып келишет. Ал кызматтан кеткени менен мамлекеттин саясатын башкарууну узак жылдарга чейин өз колунан чыгарбай келген.

18:37 5.1.2022

Казакстанда интернет байланышы өчтү

Казакстанда интернет байланышы өчтү. Телефон байланышы дагы жакшы иштебей калды.

Бийлик бул тууралуу эч кандай маалымат берген жок. 5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Актау, Актөбө, Семей, Орол, Өскеменде аймактарында нааразылык акциясы уланууда. Жүздөгөн кишилер акимчиликтердин алдында чогулуп турганы айтылды.

17:21 5.1.2022

16:42 5.1.2022
Казакстандын Нур-Султан шаары. 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандын Нур-Султан шаары. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында да өзгөчө абал режими жарыяланды. Бул тууралуу жарлык өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгонун akorda.kz сайты кабарлады.

Мунун алдында Алматы шаарында ушундай режим кирген. Түнкү нааразылыктар учурунда Алматы облусу менен Маңгыстауда өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG