1-ноябрдан тарта Казакстанда республикалык маанидеги трассаларга жол акысы киргизилди. Эң кымбат тарифти оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары төлөйт. Эми Казакстанда автоунаалар өтчү акысыз, алтернативдүү жолдор такыр калган жок.
Казакстандык айдоочу Сундет Мусылманулы алты жылдан бери оор жүк ташуучу унаа айдайт. Ал ар бир каттамдан кийин темир тулпарын сөзсүз оңдоп түзөөгө аргасыз экенин, эми жол акыны кошкондо чыгашасы кыйла көбөйөрүн айтууда.
"Эгер жолдор сапаттуу болсо, анда мен акча төлөгөнгө каршы эмесмин. Бирок алар бузулуп, ажатканалар менен катардагы унаа токтотуучу жайлары жок болсо, анда эмне үчүн төлөшүбүз керек?", - дейт казакстандык айдоочу.
Казак бийлиги быйыл июнь айынан баштап өлкөдөгү жолдордун 18 бөлүгүнө акы төлөнөрүн билдирген эле. Анын курамына Актөбө-Орол (Уральск), Актөбө-Оренбург жолунун (чек арага чейинки) бөлүктөрү кирген. Жайында өлкөнүн айрым аймактарында жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары буга байланыштуу нааразылык билдирип, жолдордун сапаты жана жолдорду бойлой токтоо жайларынын абалы начар экенин айтып чыгышкан.
Алардын үнү Акордого да жетип, президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө транзит өткөн автоунаалардан киреше табарын кыйыткан.
"Дүйнөлүк практикага ылайык, акы төлөнүүчү жолдорду киргизүү туура чечим. Мындай эбегейсиз мамлекетте бюджеттин эсебинен гана жол салуу мүмкүн эмес. Мындан тышкары, Казакстан транзит өткөн автоунаалардан акча табышы керек",- деди Токаев.
Жаңы коюлган тарифке ылайык, жеңил автоунаанын айдоочусу Нур-Султандан Павлодарга чейин дээрлик бир доллар төлөйт. Ал эми оор жүк ташуучу унаалардан ушул эле жолдо 20 эсе көп төлөм алынат. Коңшу казак бийлиги айдоочуларга акысыз, алтернативдүү жол калтырган жок. Ал эми жергиликтүү айдоочулар алардан алынган акы салыштырмалуу кыйла арзан болушу керек экенин айтышат.
"Бизге, казакстандыктарга төлөмдөр арзан болушу керек. Кыргызстандык, өзбекстандык айдоочулардан акы дагы көбүрөк алынышы керек деп ойлойм. Анткени алар деле биздин жолдорду колдонуп жатышат да",- дейт казакстандык айдоочу Нурлан Шакиров.
Эксперттер учурда Казакстанда жүктөрдүн 80 пайызы дал ушул автоунаалар аркылуу ташыларын белгилейт. Ал эми аймактар арасы аралыктын узундугу соода-логистиканын чыгымын көбөйтүүдө. Казакстандык экономист Айдар Алибаев өлкөдө жолдорго киргизилген төлөмдөр азык-түлүк жана башка товарлардын кымбатташына алып келет деген пикирде.
"Премьер-министр Аскар Мамин өкмөттүк жыйын өткөрүп, анда негизги маселе катары өзгөчө азык-түлүккө болгон баанын өсүшүн кантип токтотууну талкуулайт. Бирок ушул эле өкмөт жолго төлөмдөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Бул күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасына өтө чоң таасир этет",- деди Алибаев.
Мамлекеттик "Казавтожол" компаниясына бул жаңы эреже канча киреше алып келери азырынча белгисиз. Деген менен дүйшөмбүдө айрым трассаларда акча төлөй турган терминалдар орнотула элек экени белгилүү болду. Андыктан жолдорго акы киргизүү эки аптага жылдырылды.
Ал эми Кыргызстандыктар Орусияга кара жол менен Казакстан аркылуу каттаса, бир катар өлкөлөрдүн визасын алуу үчүн Алматы жана Нурсултанга барууга да аргасыз. Казакстандыктар болсо, жайында Ысык-Көлгө миңдеп агылат жана чек аралаш Кордай районунун тургундарынын көбү Бишкекте окуйт же иштейт.
Кыргызстандан Казакстанга жеңил машинелер менен оор жүк ташыган автоунаалардын өтүшүнө утур-утур кыйынчылыктар жаралып келет. Айрыкча, 2017-жылы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинде узун кезек болуп, адамдар бир нече сааттап жөө жана автоунаа менен өтө албай кыйналган.