Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында аталган аймакта аялдар арасында өз өмүрүнө кол салган 157 окуя катталган. Алардын 37си бул жашоо менен кош айтышкан.
Түштүк Казакстан облусундагы Атакент айылынын 37 жаштагы тургуну Акерке Жансерикова (аты-жөнү өзгөртүлгөн) эки жыл мурда күйөөсү менен ажырашып кеткен. Беш балалуу эне жолдошу менен 19 жыл бирге түтүн булаткан. Ал өз өмүрүнө бир эмес бир нече жолу кол салууга аракет кылган. Учурда жергиликтүү кафелердин биринде ашпозчу болуп иштеген Акеркени 17 жашында айылдашы ала качып кеткен.
- Айла жок таш түшкөн жеринде оор деп отуруп калдым. Алгачкы жылдары кайната-кайненем менен чогуу жашадык. Экинчи балабыз төрөлгөндө гана өзүнчө бөлүндүк. Мени иштеткен жок. Төрт дубалдан эч жакка чыкпай, балдар менен үйдө отурсам да өзү жумуштан келгенде кызганып, сабап, балдар менен сыртка кууп чыкчу. Соолукканда кайра кечирим сурачу. Аны менен кошо мушташып да көрдүм, көңүл бурбай жашаганга да аракет кылдым. Такыр болбоду. Жашагым келчү эмес. Бир жолу да ушинтип кууп чыкканда эң кичинекей балам болгону үчтө эле. Ошондо анан улуу балдарым “Биз чарчадык, сен дагы канча чыдайсың” деп айтышты. Азыр ажырашып кетсек да кээде келип жаман сөздөр менен сөгүп кетет, – дейт Акерке.
Анын эң улуу баласы 19да, ал учурда армияда кызмат өтөөдө. Андан кийинки 17 жаштагы кызы студент. Кичүү үч баласы ата-энесинин колунда.
Облустун Ички иштер башкармалыгы аялдар арасындагы өз жанын кыюуга түрткөн негизги себептерди иликтеп көргөн. Мекеменин улук инспектору Алма Сергазиева “Азаттыктын” казак кызматына буларды айтты:
- Биз өз жанын кыюуга түрткү болгон негизги себептерди аныктадык. Алардын эң башкылары - стресс, жалгыздык, экономикалык жана каржылык оорчулуктар, жумушсуздук.
Шымкенттик психолог Абылайхан Рысдаулеттин пикиринде, Казакстандагы психологиялык кырдаал жана калктын психикалык саламаттыгы өтө начар абалда.
- Бул социалдык-психологиялык кырдаалдын жыйынтыгы. Экинчиден, бул коомго каршылык көрсөтүүнүн белгиси. Көйгөй коомдогу социалдык, экономикалык, саясий жана идеологиялык факторлордон чыгып жатат. Максаттар менен мүмкүнчүлүктөрдүн дал келишпегендиги, жакырчылык жана келечекке болгон ишенимдин жоктугу - жашоодон көңүл калууга алып келүүдө. Узакка созулган жана терең депрессиянын акыркы чекити - бул суицид, - деп түшүндүрөт психолог Абылайхан Рысдаулет.
Анын кесиптеши Бахыт Дастан кызы өз жанын өзү кыюуга бир эмес, бир нече жолу аракет кылган аялдарга профессионалдык жардам көрсөтүп келет. Ал аялдар эмоционалдуу келгендиктен, негизинен ыйлап, кыйкырып, идиш-аяк сындырып ачуусун, бугун чыгарып алышарын айтат.
- Суицидге негизинен жабык, түнт адамдар барышат. Аялдар туруксуз үй-бүлөлүк жашоо, материалдык жетишпегендиктен улам өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып жатышат. Азыр эл негизинен эле абдан агрессивдүү, - дейт психолог Бахыт Дастан кызы.
Анын айтуусунда, орто курактагы аялдардын көбү жалгыздыктан улам ушундай аргасыз ишке барып жатышат. Анткени дал ушул куракта алардын көпчүлүгү жашоосундагы кандайдыр бир жыйынтыктарды чыгарып, терең депрессияга кабылышат.
Ал тапта Акерке Жансерикова азыр өзүн бир гана балдары менен алаксытат. Алардын келечегин ойлойт.
- 19 жыл жөн эле өткөнүнө кейийм. Азыр менин келечекке эч пландарым жок. Ал тууралуу ойлонууга күчүм да жок.
Адистер депрессиядан чыгуунун бир нече жолун сунушташат. Маселен, психолог Абылайхан Рысдаулет “арт-терапия” ( бийге баруу, искусствонун түрлөрүнө кызыгуу, балетке баруу), “шопинг-терапия” ( дүкөндөрдү кыдыруу, сулуулук салондоруна баруу), “спорт-терапия” жана “библиотерапия” (китеп окуу) сыяктуу ыкмаларды сунуштайт. Психолог бир жумада жок дегенде ушулардын бирөө болуп турса, депрессия жолобойт деп эсептейт.
Акыркы алты ай ичинде Түштүк-Казакстан облусунунда 150дөн ашуун аял өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Алардын 78и аман калып, 37син сактап калуу мүмкүн болбой калган. Аймактагы 2,8 миллиондой адамдын 50% ын аялдар түзөт. Облустун акимчилиги жарыялаган соңку маалыматка ылайык, калктын 5% жумушсуз. Ал эми орточо айлык - 88 миң теңгени же болбосо 260 доллардай акчаны түзөт.