Шаршебинин кечинде Казакстандын эгемен тарыхында президенттикке талапкерлердин экинчи теледебаты болду. Биринчи дебат мындан 14 жыл мурда өткөн. Бирок ага ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаев катышкан эмес.
Ошентип, 29-майда «Хабар» мамлекеттик телеканалы түз көрсөткөн соңку таймаш дээрлик бир жарым саатка созулуп, аны уюштурууга 41 миллион тенге же 107 миң доллар сарпталды. Дебаттын биринчи бөлүгүндө талапкерлер экономикалык, экинчисинде социалдык тармактагы программалары менен тааныштырышты. Үчүнчү бөлүгүндө шайлоочуларга түз кайрылууга мүмкүнчүлүк алышты.
Бирок бул теледебатка жети талапкердин төртөө гана - Жамбыл Ахметбеков, Амиржан Косанов, Амангелди Таспихов, Садыбек Тугел катышты. Калган үч талапкер – бийликтеги «Нур-Отан» партиясынын талапкери, утурумдук президент Касым-Жомарт Токаев, «Ак жол» партиясынын талапкери Дания Еспаева жана «Айыл» партиясы көрсөткөн Толеутай Рахимбеков ишенимдүү өкүлдөрүн жөнөтүштү.
Дебаттын жуп алдында учурдагы президенттин жардамчысы Эрлан Карин жана «Нур-Отан» партиясы Токаев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) саммитине катышып жаткандыктан дебатка бара албай турганын билдирди. Андыктан Токаевдин ордуна теледебатка республикалык штабдын жетекчиси Маулен Ашимбаев чыкты.
Ал биринчи болуп сөз алып, Токаевдин шайлоо программасы мурунку президенттин жолун жолдоо, акыйкаттык жана өнүгүү деген үч багыттан тураарын айтты.
«Касым-Жомарт Кемел уулу туңгуч президентибиз бардык стратегиялык программаларын аткарууну өзүнүн негизги максаты катары аныктап жатат. Бул жумуштун баары мыйзам үстөмдүгү принцибинин алкагында ишке ашырылат», - деди Ашимбаев.
«Айыл» партиясынын талапкери Толеутай Рахимбеков ишенимдүү өкүлү Али Бектаев негизинен айыл чарбаны жана айыл-кыштактарды өнүктүрүүгө басым жасап, бул тармакты «Казакстандын экономикасынын кыймылдаткыч күчү» деп атады.
«Казакстан коммунисттик калк партиясынын» талапкери Жамбыл Ахметбеков экономикалык программасы тууралуу сүйлөп жатып, «элдин акчасын уурдап кеткен бозгун олигархтардын» маселесин көтөрдү. Ал экинчи айлампадагы сөзүндө «Интернетке көз карандылыкты» өлкөдөгү негизги социалдык маселелердин бири деп атады.
Костюмунун үстүнө чапан кийип келген талапкер Садыбек Тугел да биринчи айлампада чет өлкөдөгү «миллиарддаган активдерди» кайтаруу тууралуу сөз козгосо, экинчи раундда «тарыхый мекенине кайткысы келген казактарга шарт түзүү» керек экенин айтты.
Калган талапкерлер жана талапкерлердин өкүлдөрү банктардын үстөк пайыздарын азайтуу, улуттук компаниялардын санын чектөө, айлыктарды көтөрүү сыяктуу маселелерге көңүл бурушту.
Өзүн оппозициялык талапкер катары көрсөткөн Амиржан Косанов бизнестеги коррупция тууралуу кеп козгоду.
«Бизнести тушап турган жемкорлукту жеңүүнүн төрт жолу бар. Бийлик бутактарынын теңдиги, көп партиялуу парламент, эркин басма сөз жана көз каранды эмес сот», - деди Косанов.
Кантсе да үч бөлүктөн турган дебатта негизинен өлкөдөгү социалдык-экономикалык маселелерден башка саясий маселелер дээрлик көтөрүлгөн жок. Айрым катышуучулар алдын-ала жазып келген тексттерин окуп беришти. Дебатты көргөндөр талапкерлер бири-бирине суроолорун алдын-ала билгендей таасир калтырганын айтып жатышты.
«Бул шоунун уюштуруучулары саясий өзгөрүүлөр тууралуу суроону коюшкан жок. Экономика менен социалдык тармак маанилүү. Бирок бул чөйрөлөрдөгү көпчүлүк маселелер саясий реформалардын жүрбөй жатканына байланыштуу. Мындай реформалар бийликти элге жакындатмак», деп жазды казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев «Фейсбуктагы» барагына.
Кошуна өлкөдөгү мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 9-июнга белгиленген. Үгүт кампаниясы 7-июнда соңуна чыгып, 8-июнь жымжырттык күнү болмокчу. Бул - Казакстандын эгемен тарыхындагы Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо.
Назарбаев мамлекетти дээрлик 30 жыл башкаргандан кийин быйыл март айында кызматтан кеткен. Бирок ал «элбашы» макамын сактап калып, Казакстандын Коопсуздук кеңешин жана бийликтеги «Нур-Отан» партиясын жетектеп калды.
Назарбаевдин тушунда өткөн бир да шайлоону эл аралык байкоочулар демократиялык деп мүнөздөгөн эмес.