20-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгы али толук чыгарыла элек. Бирок ал жыйынтык азыркы эсепке таасир этпеши белгилүү болуп калды. Соңку эсепке караганда, шайлоодо “Нур Отан” партиясы 82,15, “Ак жол” 7,18 жана Казакстан элдик коммунисттик партиясы 7,14 пайыз добуш менен парламентке өттү.
Шайлоого катышкан дагы үч партия: “Бирлик”, “Айыл” жана оппозициядагы Жалпы улуттук социал-демократиялык партиялары жети пайыздык босогону багындыра албады.
Добуш берүү күнүндөгү маалыматтар менен фотобаяндарда эл аз келип жатканы байкалганы менен расмий маалыматта шайлоого 77 пайыздан ашуун шайлоочу катышканы айтылды.
Быйыл жыл башында азыр жеңишке жеткен дал ушул үч партиянын парламенттеги фракция өкүлдөрү президент Назарбаевге кайрылуу жолдоп, Мажилистин бешинчи чакырылышын таратуу жана жаңы шайлоо жарыялоо өтүнүчүн билдирген. Мындай сунуш глобалдык системалык кризис жана ага каршы туруу менен байланыштырылып, андагы парламент президент Назарбаев сунуштаган реформаларды ишке ашыруу үчүн ондогон мыйзамдарды кабыл алуу менен өз миссиясын аткарып бүткөнү айтылган. Өлкө башчысы көп өтпөй бул сунушту кабыл алып, парламентти таратуу менен жаңы шайлоо жарыялаган.
Бирок эми мөөнөтүнөн мурда өткөн бул шайлоодо парламентке Мажилистин мурдагы жыйынында өздөрүн таратууну өтүнгөн ошол үч партия кайра эле жеңип келди. Бул эрте шайлоону өткөрүү үчүн 10 миллион доллардан ашуун каражат жумшалды.
Казакстандагы бул шайлоого азыр ар кандай баа берилүүдө. Маселен, ЕККУ шайлоо демократиялык стандарттарга жооп берген жок деп баалады. Уюмдун кыска мөөнөттөгү байкоочулар миссиясынын башчысы Мариетта Тидей 21-мартта Астанадагы маалымат жыйынында Казакстан шайлоо боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусу үчүн али узак жолду басып өтүшү керектигин белгиледи:
- Бул шайлоодо бир аз алга жылуу байкалганы менен, Казакстан ЕККУ талаптарына ылайык, демократиялык шайлоо өткөрүү тууралуу эл аралык милдеттенмелерин аткаруу үчүн али көп иш жасашы керек.
ЕККУ өкүлү андан ары шайлоо боюнча мыйзамда көрсөтүлгөндөй, шайлоого катышкан партиялардын баарына бирдей мамиле жасалбаганын да айтып өттү:
- Көптөгөн жылдар бою бийликте бир партиянын үстөмдүгү орногон. Мамлекеттен каржыланган маалымат каражаттары бардык талапкерлерге бирдей мүмкүндүк берүүгө тырышканы менен президенттин иши жөнүндөгү маалыматтар басымдуулук кылды. Бул бийлик партиясына артыкчылык берилди дегендик.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын делегациясынын башчысы Гир Йорген Беккервольд бул шайлоодо бюллетенди тобу менен таштоо жана добуш берүү күнү тизмеге көптөгөн адамдарды кошуу көрүнүштөрүнө тынчсыздануу билдирди.
Казакстан 2010-жылы ЕККУга төрагалык кылганын да эске сала кетели.
Бюллетенди тобу менен таштап жаткан адам. Алматы, Казакстан
КМШ өлкөлөрүнүн жана Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулары, тескерисинче, адаттагыдай эле шайлоо ачык, эркин жана демократиялуу өттү деген баа берди.
Бул шайлоо негизги кирешесин мунай экспортунан таап келген Казакстандын экономикасы карамайдын арзандашынан кыйын күнгө кептелип, улуттук валюта – теңгенин куну кескин түшкөн учурга туш келди. Маселен, былтыр июлда бир доллар баасы 182 теңге болсо, азыр 345 теңгени чапчып отурат.
Economist Intelligence Unit иликтөө тобу Казакстан быйыл 1998-жылдан бери алгач ирет рецессияга кабыларын болжоодо. Глобалдык системалык кризис жана ага каршы турууга байлап парламентти таратуу менен эрте шайлоо өткөрүүнүн натыйжасында минтип кайра эле мурдагы партиялар Мажилисти курай турган болду.
Мажилисте жалпысынан 107 депутаттык орун бар. Анын 98и партиялык тизме менен шайланса, калган тогуз депутатты Казакстан калк ассамблеясы тандайт.