Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:35

Казакстанда парламенттик шайлоо өтүүдө


Алматыдагы бир добушканадан, 15-январь, 2012.
Алматыдагы бир добушканадан, 15-январь, 2012.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына депутаттарды жана жергиликтүү органдарга өкүлдөрдү шайлап жатышат.

Өнөктүк тынч, өз ирети менен өтүп атканы кабарланууда. Шайлоо декабрдагы тополоңдон улам чукул кырдаал киргизилген Жаңы-Өзөн шаарында да өтүп жатат.

Бул жолку добуш берүү өзгөчө шартта өтүп жатат. Шайлоо жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайык, эми парламент бери дегенде эки партиялуу болуп калмакчы. Кеминде бир партия 7 проценттик чектен өтө албаса да, президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отаны” менен кошо депутаттык мандаттарга ээ болот. Мындай түзөтүү жыл этегинде Жаңы-Өзөн шаарында болгон кандуу окуялардан кийин киргизилген.

Ат салышка 7 партия катышууда. Жогоруда айтылган “Нур Отандан” тышкары – президентчил “Ак Жол” жана “Ауыл”, “Адилет” партиялары, Патриоттор жана коммунисттер партиялары, ошондой эле оппозициядагы “Азат” жалпы улуттук социал-демократтар партиясы.

Добуш берип жатып, президент Нурсултан Назарбаев бул шайлоо өлкө үчүн чоң сынак болуп калаарын айтты

- Адаттагыдай эле, Казакстан эли стабилдүүлүк, тынчтык, демек, бардык казакстандыктардын бакубат турмушу үчүн добуш берет деп ишенем. Шайлоонун ачык-айкын, калыс өтүшү үчүн бар аракетибизди жумшадык. Бул – биз үчүн чоң сынак.

Добуш берүү декабарда кандуу окуялардын очогуна айланган Жаңы-Өзөн шаарында да өтүүдө. 16-декабрда ишсиз калган мунайчылар менен тартип коргоочулар кагылыша кетип, расмий маалыматтарга караганда, 16 киши мерт кеткен. Ошол эле күнү Жаңы-Өзөндө чукул кырдаал киргизилген.

Эртеси ошол эле Маңгыустау облусунун Шетпе станциясында мунайчыларга тилектиштигин билдирүү иретинде эл чогулуп, тополоңдо полициянын огунан 1 жигит каза тапкан.

Жергиликтүү жашоочулардын бири “Азаттыкка” маалымдагандай, шаардын көчөлөрүн жана шайлоо участкаларын ОМОНдун куралданган аскерлери күзөтүп жатышат.

11-январда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейинки токтомун жокко чыгарып, чукул кырдаалга карабай, Жаңы-Өзөндө шайлоо өтсүн деп чечкен.

Шайлоонун жүрүшүнө 89 өлкөдөн жана 8 эл аралык уюмдан келген 819 байкоочу көз салууда.

XS
SM
MD
LG