Казакстанды таштап башка өлкөлөргө биротоло көчүп кеткендердин саны жылдан жылга өсүп жатканы тууралуу казак бийликтери расмий айта башташты. Мисалы, Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы Казакстандан чыгып кеткендердин саны 30 миңден ашкан. 2014-жылы болсо жер которуп кеткен казакстандыктардын саны 28 миң деп катталган эле.
Жергиликтүү талдоочулар билимдүүлөрдүн өз өлкөсүн чанып жатышына соңку экономикалык кризистер себеп болуп жатканын белгилешет. Казакстандагы эл аралык байланыштар институтунун адиси Самат Көшкөнбаевдин пикиринде, жарандардын туулуп өскөн өлкөсүн таштап кетүүсүнө улуттар аралык мамилелердин жана саясаттын тиешеси жок деп эсептейт.
- Бул көрүнүш өлкөдөгү экономикалык социалдык абалдан көз каранды. Адам баласы дайыма жашоого жакшы жер издеп келет. Бул табигый көрүнүш. Казакстандын эгемен тарыхында мунайдын баасы жогору турганда, Казакстанда жашоо эң эле жагымдуу маалда деле көчүп кетүүлөр токтогон эмес.
Казакстандан Орусияга биротоло көчүп кетип, азыр Красноярск шаарында жашап жаткан Ирина Костевич өз шаарын таштап кетүүгө бир нече себеп болгонун айтат.
- Мен Алматыны аябай жакшы көрчүмүн. Чын-чынына келгенде Алматыдан мен кеткен жокмун, Алматы менден кетти десем болот. Калаанын экологиялык абалы соңку убакта өтө начарлап кетти. Мен тез-тез ооруй баштадым. Экинчиден, казак тилин таңуулаган маанай күчөп кетти. Мен 1090-жылдары казакчаны өз ыктыярым менен эле үйрөнө баштагам. Бирок соңку кезде мажбурлоо күчөгөн сайын менде ага болгон каршылык да күчөдү. Ашыкча улутчул идеяларга суугарылган жаштарга өзүмдүн актыгымды дилилдей берүүдөн чарчадым. Кыскасы азыр мен сүйгөн Алматы калган жок.
Ирина Орусияга көчүп келгенден кийин орус бийлигин жакшы көрүүгө эч ким милдеттендирбегенине ыраазы.
Мурунку казак жараны, азыр Лондондо жашаган Ольга Тен 2009-жылы өлкөдөн чыгып кеткен.
- Ошол жылы жолодошума Дубайдан жакшы маяналуу жумуш сунушташты. Дубайга кеттик. Кийин мен өзүм туризм тармагына ишке кирдим. Шашылыш түрдө англис тилин үйрөндүм. Катардыгы кызматкерден бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлдүм. Акыркы үч жылдан бери Лондондо жашап жатам.
Казак бийлиги мурдараак жарандары Чехия, Германия өңдүү экономикалык жактан кыйла өнүккөн өлкөлөрдү тандашса, соңку маалда саясий туруктуулугу бекем өлкөлөрдү тандап жатканын байкашкан. Рамсий маалымат боюнча, Казакстандын калкы 2015-жылы 18 миллионго жакындады. Анын ичинде казактар 61% түзсө, орустар 24% жакын.
Жергиликтүү маалымат каражаттары 2030-жылга Казакстандын 90% элин жалаң казак улутундагылар түзөрүн жазып жүрүшөт. Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдөгү экономикалык кризиске карабай казакстан жаштары арасында "бейби бум" басаңдабай келет.