Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:56

Астана аэропортуна Назарбаевдин ысымы берилди


Казакстан өкмөтү баш калааладагы аэропортко президент Назарбаевдин атын берүүнү чечти. Президенттин ысымы буга чейин бир катар мектеп, университет, китепканаларга берилген, өлкөнүн булуң-бурчунда көптөгөн айкелдери тургузулуп, кино, китептер арналган. Демилгечилер Назарбаевдин эмгеги сиңиргенин айтышса, сынчылар муну бир адамдын керт башына сыйынуунун кезектеги белгиси катары баалашат.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 21-июндан тартып Астана аэропортунун аталышы «Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропорт» деп өзгөртүлдү. Документте мындай чечимдин себеби айтылган эмес.

Президенттин ысымын Казакстандагы «стратегиялык объекттерге» берүү демилгеси буга чейин бир топ жолу көтөрүлүп келген. Ошондой акыркы демилгелердин бири - Казакстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган декларацияны кабыл алган учурда сунуш кылынган.

Былтыр ноябрда депутаттар Конституцияга Назарбаевдин мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү «негизги ролун» жана «чоң салымын» белгилөөнү, Астанага тунгуч президенттин ысымын ыйгарууну сунуш кылышкан. Ошондо Назарбаев мындай «көңүл буруу» адам катары ага жагарын, бирок бул демилгенин артында турбаганын айтууга шашылган.

Казакстан Элдер ассамблеясынын мүчөсү Асылы Осман аэропортко Назарбаевдин ысымын ыйгарууну туура кадам деп эсептейт:

- Эл ошондой чечим кабыл алса, ким каршы болот? Назарбаевдин эмгеги сиңген. Кудайга тобо, биздин аэропорт эл аралык деңгээлге туура келет. Казакстанды дүйнөдө таанышат. Мындай жакшы саамалыктарга каршы эмеспиз. Назарбаевдин сиңирген эмгегин баалашыбыз керек.

Саясат таануучу Талгат Мамырайымов болсо аэропорттун атын өзгөртүүнү бир адамга сыйынууну бекемдөөгө карай кезектеги кадам катары баалайт:

- Миң жолу айтылып бүткөн тема. Бир адамдын керт башына сыйынуу бүт өлкөгө жайылууда. Дагы эмне деп айтса болот? Албетте президенттин туулган күнүн утурлай айланасындагы кошоматчылардын белеги да. Мындан чоң, татыктуу эч нерсеге мээлери жетпейт.

Назарбаев 6-июлда 77 жашка чыгат. Бул күнү өлкөдө расмий майрам – Борбор шаардын күнү белгиленет. Казакстанда Назарбаев университети бар, анын ысымы интеллектуалдык мектептерге, китепканага ыйгарылган.

Президент жөнүндө «Көсөмдүн жолу» деген киноэпопея тартылган, ондогон китептер жазылган, бир нече шаарларда айкелдери турат. Андан тышкары Казакстандагы көптөгөн объект, программалардын аталышында «нур» же «нурлы» деген сөздү көрсө болот. Мисалы, үстүбүздөгү айда Астанада ачылган темир жол вокзалы «Нурлы жол» деп аталса, мамлекеттик турак жай программасына «Нурлы жер» деген аталыш берилди.

Кошуна өлкөнү 27 жылдан бери башкарып келаткан Назарбаевдин «улут лидери» деген макамы мыйзам түрүндө бекитилген. Ага ылайык, кызматтан кеткенден кийин да кол тийбестигин сактап калмакчы. Конституцияда ошондой эле Назарбаевдин президенттикке көргөзүлүшү чектелбейт.

Быйыл Баш мыйзамга киргизилген алымча-кошумчалардын биринде көз карандысыз Казакстандын негиздөөчүсү, алгачкы президент - Эл башынын статусу өзгөрүүсүз кала берет деп айтылат.

Freedom House эл аралык уюму бул реформаны “консолидацияланган автократтык режимди” каткан эски демократиялык фасаддын бетиндеги дагы бир сүртүм деп сыпаттаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG