Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Алматыда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Казакстандын Ички иштер министрлиги Алматы шаарындагы атышууга байланыштуу террор коркунучунун “кызыл чегин” жарыялады.

Коопсуздуктун бийик деңгээли жергиликтүү убакыт боюнча 12:20да киргизилди. Министрлик шаар тургундарына талап кылынган эрежелерди сактоону эскертти.

Бүгүн Алматы шаарындагы Алмалы райондук Ички иштер бөлүмүндө жана Улуттук коопсуздук кызматынын шаардык башкармалыгынын жанында ок атышуу болгонун жергиликтүү маалымат булактары кабарлашкан. Күбөлөр шаардын түрдүү аймактарында ок атылганын айтышууда.

Интернет сайттар алгач райондук полиция бөлүмүнүн кире беришинде турган тартип сакчысына белгисиз киши ок атканын, андан кийин абал курчуп кеткенин жазышты.

“Интерфакс-Казакстан” агенттиги күч кызматына кол салгандар бир канча киши болгонун, бир аскер адамы каза тапканын кабарлады. Бейтапканага оор жараат менен бери дегенде беш адам түшкөн. Ички иштер министрлиги курман болгондор бар экенин бышыктады. Алардын так саны айтыла элек.

WhatsApp аркылуу канжалаган тартип сакчыларынын жана полицияга ок аткан деп болжолдонгон бир кишинин сүрөттөрү тарап жатат.

Ал ортодо Алматы шаарында киши өмүрүн алган окуяга байланыштуу кыргыз-казак чек ара өткөрүү пункттарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Көзөмөл-өткөрүү пункттарына кошумча аскер күчтөрү жиберилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG