Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Чек арада кезек күткөн автоунаалар азайды


Чек арада кезек күткөн автоунаалар азайды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

Казак-кыргыз чек арасында топтолуп турган автоунаалардын саны мурдагы күндөргө караганда кыйла азайып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн саат 11:30га карата Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак тилек" чек ара бекетинде 30 оор жүк ташуучу унаа турат, Панфилов районунун "Чалдыбар" чек ара бекетинде унаалар жок. Аламүдүн районунун "Ак жол" бекетинде 1 кичи автобус жана 5 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районунун "Чоң-Капка" чек ара бекетинде 76 оор жүк ташуучу жана 3 жеңил унаа турат. Чек арадан казак тарапка өтүү 10-октябрда татаалдаган болчу. Соңку күндөрү жалпысынан 500-600гө чейин унаа топтолгон учурлар болгон.

XS
SM
MD
LG