Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Карин: Коопсуздук кеңешин түзгөн президент аны тарката алат


Казакстан президентинин кеңешчиси, саясат таануучу Ерлан Карин маек берип жаткан учуру. Алматы, 29-октябрь, 2019-жыл.
Казакстан президентинин кеңешчиси, саясат таануучу Ерлан Карин маек берип жаткан учуру. Алматы, 29-октябрь, 2019-жыл.

Жакында казак президенти Касым-Жоомарт Токаевдин «жогорку даражалуу кызматтарга Коопсуздук кеңеши менен кеңешип дайындоо жөнүндө» жарлыгы «Казакстанда кош бийлик орноду» деген пикирлерди күчөткөн.

Президент болуп турган кезинде өзүн Коопсуздук кеңешинин өмүр бою төрагасы кылып бекиткен Нурсултан Назарбаев экинчи президент Касым-Жоомат Токаевдин укуктарын чектеп жатабы?

Ушул жана башка суроолорго Казакстан президентинин кеңешчиси Ерлан Карин «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Касым Аманжол менен болгон маегинде жооп берди.

«Азаттык»: - Ерлан мырза, сиз жана сиз менен пикирлеш жарандар Казакстанда Конституция боюнча бир гана бийлик бар, ал президент Токаевдин колунда деп эсептей турганын байкайбыз. Назарбаев бийлик транзитин аяктадыбы? Токаевге бардык ыйгарым укуктар берилдиби?​

Ерлан Карин: - Албетте, Казакстандагы бийлик транзитинин өзгөчөлүгү болду. Конституция боюнча мөөнөтү эрте аяктаган президенттин ыйгарым укуктары кийинки кызмат адамына берилет. Казакстандагы бийлик транзити конституциялык тартип менен гана чектелген жок. Жаңы президент өз ыйгарым укуктарын бекемдеш үчүн жаңы президенттик шайлоо өткөрдү. Ошондуктан Казакстанда бийлик транзити процесси бардык жагынан камсыздалды деп айтууга болот.

«Азаттык»: - «Казакстанда кош бийлик бар» дегендер Назарбаевдин ыйгарым укуктарына көңүл бурат...

Ерлан Карин: - Кош бийлик тууралуу тема – жасалма тема. Чындыгында мындай маселе жок. Дагы кайталайм, бирөө Конституцияны өзгөрттүбү? Өзгөрткөн жок. Ошондуктан президенттин бийлиги Казакстандагы саясий системанын негизги өзөгү деп айтууга болот.

Казакстан президентинин кеңешчиси Ерлан Кариндин «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Касым Аманжол менен болгон маегин төмөндөгү видеодон толук көрсөңүз болот:

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG