Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Казакбаевдин күтүүсүз кызматтан кетиши


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматтан кетип, ордуна тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалды. Орус-украин согушунан улам кырдаал оор болуп турганда тышкы саясатка жооптуу министрдин отставкага кеткени кыргыз коомчулугунда бир катар суроолорду жаратты.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" Казакбаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу иштен кеткенин ырастады. Бирок анын кайсы кызматка бара турганы азырынча белгисиз.

Казакбаев мындан эки күн мурда эле Азербайжанга иш сапары менен барган Садыр Жапаровдун жанында жүргөн. Ага чейин 14-апрелде АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушкан.

Орусиянын Украинага кол салышы дүйнөдөгү абалга, анын ичинде мурдагы постсоветтик өлкөлөргө таасир этип жатканда Казакбаев башында турган Тышкы иштер министрлиги эки тарапты тынчтыкка чакырып, сүйлөшүү үчүн атайын аянтча түзүп берүүнү да сунуштаган. Кыргызстан бул маселеде бейтарап экенин бир нече жолу белгилеген.

Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 6-март, 2022-жыл.
Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 6-март, 2022-жыл.

Айрымдар Казакбаевдин отставкасын дал ушул Бишкектин бейтарап позициясына байланыштырса, башкалары Москвага жакын саналган министрдин иштен кетишине башка да себептер болушу мүмкүн деп жоруп жатышат.

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын төрагасы Жанар Акаев Фейсбуктагы баракчасына Казакбаевдин кыска убакытта жасаган ишин тизмектеп, анын кыйын дипломат экенин белгиледи.

"Руслан Казакбаев эки ирет тең өлкө олку-солку абалда турганда министр болуп иштеди, кырдаалды жөнгө салганга чоң салым кошту. Министр катары ачык болду, экономикалык дипломатияга өзгөчө басым жасады, натыйжалуу бизнес форумдар өтүп, кыргыз-мажар сыяктуу фонддор реалдуу ишин баштады. Мында ТИМдин салымы чоң экени талашсыз. Адам катары да ак жүрөк, түз киши. Министрлер кабинетиндеги көзгө басар, компетенттүү министрлердин бири болчу".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мирлан Жээнчороев болсо Руслан Казакбаевдин өлкө тарыхындагы оор учурда кылган ишин эске салган.

"Руслан Казакбаевдин кызматтан кеткени абдан өкүнүчтүү. Ишин мыкты билген жана татыктуу аткарган министр. Кыргызстандын жаңы тарыхындагы 2010, 2020-жылдары эң оор күндөрдө республикабыздын турукташуусуна жана дүйнөнүн жаңы бийликти таанышына сиздин эл аралык мамиледеги тажрыйбаңыздын, мамлекетчилдигиңиздин, адискөйлүгүңүздүн салымы чоң".

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков министрдин отставкасына ТИМдин Батыш жана алыскы-жакынкы өлкөлөр менен саясий-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо аракети себепкер болду деп эсептейт.

Ал Москваны Бишкектин 9-майда аскердик парад өткөрбөй турганын айтканы, Орусиянын Украинадагы "атайын операциясын" колдогон "Z" жана "V" белгилерине тыюу салышы кыжырдантып жатышы мүмкүн деген пикирде.

"Тышкы иштер министринин кызматтан кетишинин эки себеби бар. Азыркы күндө Орусия Украинага басып киргенден кийин бизге үстөмдүк кылган өлкө катары бир багыттуу саясат жүргүзүү талабын коюп жатат. Ошонун негизинде Орусияга жакын экени айтылып келген министр Руслан Казакбаев Кремл менен тил табыша албай, позициялардын кагылышынан кетти десек болот. Экинчиден, Орусиянын басымынан улам кыргыз бийлигинде да эки ача пикир жаралып, айрымдары Кремлден оолак болууга убакыт келгенин айтса, кээ бирлери орус бийлиги менен мамилени сактоо керек дешүүдө. Бир кылка позиция болбогону үчүн Казакбаев кызматтан кетүү чечимин кабыл алган болушу мүмкүн.
Кыргызстан азыр оор тандоого дуушар болуп жатат. Анткени дүйнө азыр бейтарап, калыс деген мамилени четке кагып, кичине мамлекеттерден да так позицияны талап кылууда".

Москвадан сестенген Борбор Азия

24-февралда Орусия Украинага басып киргенден кийин дүйнөдө кырдаал курчуп, согуштун эпкини мурдагы постсоветтик өлкөлөргө да тийип жатат. Мындан улам айрымдары Москванын коңшусуна карата агрессивдүү мамилесин сынга алса, башкалары пикирин ачык айтууга даабай турган кези.

Борбор Азия чөлкөмүндө Казакбаевге чейин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов кызматтан кеткен. Буга анын парламенттин 17-марттагы жыйынында Ташкент Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк менен Луганск элдик республикалары" деп атап алган жикчил топторду тааныбай турганын жарыялаганы себеп болгон.

"Өзбекстан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк "элдик республикаларын” тааныбайбыз", - деп айткан Камилов.

“Озодликтин” өз булагы министрдин бул билдирүүсү президенттин администрациясы менен макулдашылганын, бирок Орусия Камиловдун сөзүн “өтө оор” кабыл алганын, Кремлдин нааразылыгы Ташкенттеги “жаңжалга” себеп болгонун билдирген. Бул окуядан эки күн өткөндөн кийин Абдулазиз Камилов ооруканага түшүп калганы, жакында дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткени белгилүү болгон. "Азаттыктын" өзбек кызматынын ("Озодлик") Өзбекстандын өкмөтүнө жакын булактары ал кайра кызматына кайтып келбей калышы мүмкүн экенин айтышкан.

29-мартта Казакстандын президентинин администрация башчысынын орун басары Тимур Сулейменов Брюсселдеги сапары маалында Euractiv басылмасына маек куруп, "Казакстан Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө жардам бербейт", "Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн урматтайт", "Крымга жана Донбасска байланыштуу кырдаалды тааныбайт" деп билдирген.

Аны улай 5-апрелде казак тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди да Казакстан Донбасстагы жикчил аймактарды тааныбай турганын белгилеген. Расмий Нур-Султандын мындай билдирүүлөрүнө Кремл чукул реакция кылбай, жоопсуз калтырган.

Бишкек бул эки коңшусуна салыштырмалуу Орусиянын Украинадагы аракеттерин кескин айыптап, билдирүү жасаган эмес.

Руслан Казакбаевдин ички жана тышкы саясаттагы жолу

55 жаштагы Руслан Казакбаев тышкы иштер мекемесин 2020-жылдын 14-октябрынан бери жетектеди. 2015-жылы "Республика-Ата Журт" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал 2010-2012-жылдары дагы тышкы иштер министринин кызматын аркалаган.

Казакбаевди ТИМдин башчылыгына 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаров сунуштаган. Анда бул чечим ошол жылдын 13-октябрында Өмүрбек Бабанов менен Садыр Жапаровдун жолугушуусунун жыйынтыгы катары сыпатталган.

Казакбаев ага чейин жети-сегиз жыл мурда премьер-министр болгон Өмүрбек Бабановдун эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары “Республика” партиясында жүргөн.

2020-жылы 9-октябрда Садыр Жапаровго каршы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери уюштурган Бишкектеги митингге катышкан.

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бейшеке айылында туулган. Ал 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтунун «Унаа жана унаа чарбалык» автоунаа куруу бѳлүмүн аяктаган, ал эми 2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык бѳлүмүн бүтүргөн. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1992-1995 - жылдары - Кыргыз Республикасынын илимдер Академиясына ишке орношкон;
  • 1995-1996 - жылдары – Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгында - үчүнчү жана экинчи катчы болгон;
  • 1996-1999 - жылдары - Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консулдун орун басар кызматында иштеген;
  • 1999-2005 - жылдары - Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматтын башкы башкармачылыгында – башкармачылыктын жетекчиси болуп иштеген;
  • 2005-2009 - жылдары - Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы (Түркия) Башкы консул кызматында иштеген;
  • 2009-жылы январь-октябрь – Тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалган;
  • 2010-жылы апрель – Кыргыз Республикасынын Убактылуу ѳкмѳтүнүн Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу кызматына дайындалган;
  • 2010 - 2012 - жылдары – Тышкы иштер министри кызматында иштеген;
  • 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган;
  • 2020-жылдын 14-октябрынан 2022-жылдын 22-апрелине чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеди.

Казакбаевдин ордуна ким келди?

Учурда тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Жээнбек Кулубаев 23-апрелде эмгек жамаатына тааныштырылды.

Арзыбек Кожошев Жээнбек Кулубаевди ТИМ жамаатына тааныштырган учуру. 23-апрель, 2022-жыл.
Арзыбек Кожошев Жээнбек Кулубаевди ТИМ жамаатына тааныштырган учуру. 23-апрель, 2022-жыл.

Расмий кабарга ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кулубаевди кесипкөй жана тажрыйбалуу экенин белгилеп, тышкы саясатты президент белгилегендей жүргүзөрүнө ишенерин айтты.

59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы 5-апрелде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда туулган. Москвадагы аскердик институтту, кийин Кытай Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык институтун аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1992-1996 — Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде ар кандай кызматтарды аркалаган;
  • 1996-1998 — ТИМдин Азия жана Африка боюнча башкармалыгынын башчысы;
  • 1998-2000 — Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде кеңешчи;
  • 2001-2003 — ТИМдин Чыгыш өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын башчысы;
  • 2003-2004 — тышкы иштер министринин орун басары;
  • 2004-2006 — ШКУ катчылыгынын аткаруучу директору (Бээжин шаары);
  • 2006-2007 – ТИМдин Эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;
  • 2007-2009 — Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси;
  • 2009-2013 — Кыргызстандын Кытай, Монголия жана Сингапурдагы элчиси;
  • 2013-2016 — ТИМдин Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча департаментинин директору;
  • 2016-2018 — ТИМдин Саясат департаментинин директору;
  • 2018-2021 — Кыргызстандын Казакстандагы элчиси;
  • 2021-жылдын 9-августунан тарта КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси.
  • 2022-жылдын 22-апрелинде тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

XS
SM
MD
LG