Тиешелүү министрлик өз жүйөсүндө кыргыз жергесиндеги лабораториялар товарларды сыноону жетиштүү деңгээлде өткөрбөй жана документтерди эсепсиз таратып жатканын жүйө келтирип, Бишкектен барган азыктардын коопсуздугунан шек саноодо.
Кыргызстандын бийлиги муну эки өлкө мүчөлүк кылган Евразия Экономикалык Биримдигинин ички рыногундагы атайылап жасалчу тоскоолдук катары баалады.
Чектөө сунушу жана жүйөлөр кармашы
Кыргызстанда текшерүүдөн өтүп, сертификат жана декларация алган товарларга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун Казакстандын Соода жана интеграция министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология комитети иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.
Соода жана интеграция министри Арман Шаккалиевдин атынан жазылган документтин түшүндүрмөсүндө буга Кыргызстандан алынган сертификаттардын көбү “эптемей” болуп жатканы себеп катары көрсөтүлгөн. Ал документ орусча “серый сертификат” (“көмүскө сертификат”) деп аталууда.
Түшүндүрмөдө былтыр Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестринде Казакстандын 413 лабораториясы каттоодо турса, Кыргызстандын 43 лабораториясы болгону айтылат. Башкача айтканда, кыргыз тараптыкы казак тараптыкынан 10 эсеге аз болгон.
Ошол эле маалда Кыргызстандын лабораториялары Казакстандын лабораторияларына караганда көп сертификат беришет экен. Айталы, 2023-жылы Казакстанда өндүрүмдөрдүн сапаты тууралуу 91 622 сертификат берилсе, Кыргызстанда 126 607 миң сертификат тапшырылган. Казакстандын министрлиги ырастагандай, кыргыз тарап берген документтердин 59 677си (дээрлик 40%) казак компанияларына берилиптир.
“Аталган өлкөдө (Кыргызстанда) таризделген тиешелүү декларацияларды же сертификаттарды сатуу жарыялары интернетке тынымсыз жайгаштырылып жатат. Алар болгону 10 миң теңгеге (2 миң сомго), сыноо өткөрбөстөн эле, кыска убакыт ичинде (1-2 күндө) формалдуу каттоодон өткөрүп, реестрге маалыматтарды киргизип берүүгө убада кылып жатышат. Казакстандын органдарында болсо сыноо өткөрүү баасы 70 миң теңгеден (14 миң сом) жогору турат жана мөөнөтү 20 күнгө чейин созулат. Ошол эле маалда сөз болуп жаткан өлкөнүн мыйзамдарында “көмүскө сертификаттарды” берүүгө жоопкерчилик да каралган эмес. Бул ак ниет эмес органдардын ишмердигине шарт түзүп берүүдө. Мындан сырткары ал мамлекетте документтерди берүү жана тариздөө санариптештирилген эмес, бул толук көзөмөл жүргүзүүгө жана “көмүскө документтерге” каршы турууга тоскоолдук жаратат. Ошондуктан бул өлкөдөн Казакстанга ташылып келаткан импорттук өндүрүмдөрдүн ЕАЭБдин бирдиктүү формасында жасалган сертификаттары жана декларациялары алардын коопсуздугун тастыктабайт жана формалдуу гана мүнөзгө ээ”, – деп айтылат министр Арман Шаккалиевдин Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновго жазган түшүндүрмө катында.
Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги өз маалыматында бул маселени буга чейин Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө жана Евразия Экономикалык Комиссиясына (ЕЭК) бир нече ирет койгонун, бирок маселени чечүү создугуп келгенин билдирет. Анын ичинен ЕЭКтин Кеңешинин 2022-жыл, апрелдеги отурумунда, 2024-жыл, январдагы эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын эки тараптуу жолугушуусунда да көтөрүлгөнү айтылат.
Документте каралгандай, эгер “Продукцияны чыгаруунун жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө” токтом кабыл алынып калса, чектөө 1-июлдан тартып күчүнө кирет. Ал датадан тартып KG каттоо номерлүү коштомо документтери бар товарлар Казакстандын аймагына киргизилбейт.
Бул жагдайга байланыштуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, тиешелүү документтин долбоору коомдук талкууга коюлганына тынчсыздануусун билдирди. Мекеме муну эки өлкө мүчөлүк кылган Евразия Экономикалык Биримдигинин аймагында атайылап жасалчу тоскоолдук катары баалап, эгер документ жактырылса, бул уюм ичиндеги алгачкы окуя – прецедент болуп каларын маалымдады.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” курган маегинде коңшу өлкөнүн аракеттерин мындайча комментарийледи:
“Жакын арада эле Казакстандын бул боюнча жумушчу тобу Кыргызстанга келип кеткен. Анын жыйынтыгында 7-мартта биргелешкен планга кол койгонбуз. Бул өзү эки органдын алкагында гана чечиле турган маселе болчу, азыр башкача нукка өтүп кетти. Бирок мында айтылып жаткан маселелер Кыргызстанга гана тиешелүү деген туура эмес. Алар келтирип жаткан маселелер ошол эле Казакстандын аймагында да, же уюмдагы башка мамлекеттердин аймагында да катталып келген. Куду ушундай эле фактылар боюнча биздин да Казакстанга дооматтарыбыз бар. Ошондуктан бул боюнча бир тарапты айыптабай, аны чечүүнүн үстүнөн баарыбыз биргелешип иштешибиз керек. Менин оюмча, бул түшүнбөстүктөр жакын арада сүйлөшүүлөр менен чечилет. Эгер андай болбосо, биз деле жооп чара катары булардын товарларына да ушундай чектөөлөрдү киргизсек болот. Башкача айтканда, бул эки тарапка тең пайда алып келбей турган иш. Негизи бул маселе беш мамлекетте бирдей каралышы керек. Сертификаттар ачык-айкын болгондон кийин анда товар боюнча изилдөөлөрдүн, эксперттердин корутундуларынын баары толугу менен тиркелиши керек. Биз анын баарын ачык-айкын жүргүзүүгө даярбыз. “Бирдиктүү терезе” долбоорубуздун алкагында май айында муну биз ачык-айкын көрсөткөнгө даярбыз. Тескерисинче, Казакстан тарап аны толук көрсөткөнгө даяр эмес болуп турат”.
Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги муну менен катар тиешелүү жол-жоболорду бузуу менен же товарларды сыноосуз берилген “көмүскө сертификаттарга” каршы күрөшүп жатканын маалымдайт. Анын ичинен тиешелүү токтомго өзгөртүүлөр киргизилип, ЕАЭБдин (Бажы бирлигинин) техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоо функциясы министрликке караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна берилгени айтылат.
Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстандагы лабораториялар берген сыноолордун протоколдорунун реестри түзүлгөнүн, ошол жерде баары жарыяланып турарын билдирет. Ошол эле маалда орган Кыргызстанда сертификаттоо боюнча 6 жайга 1 млн 560 миң сомдук айып пул салынып, сегиз органдын аккредитациялык сертификаты токтотулуп, алар берген документтердин жарактуулугу жокко чыгарылганын да маалымдайт.
ЕАЭБ жана эркиндиктер
Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) алгач 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кыргызстан менен Армения уюмга 2015-жылы кошулган.
ЕАЭБ жаңы уюшулганда анын алкагында төрт багытта эркиндик берилери жарыяланган. Алар: жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү. Уюмдун ичинде фитосанитардык ченемдер жана талаптар бар.
Бирок бул аралыкта уюмдагы өлкөлөр, аталган принциптердин сакталбай жатканына байланыштуу өнөктөштөрүнө бир нече ирет доомат артышкан. Казакстан көбүнчө Орусиянын тоскоолдуктарын сынга алып турса, Кыргызстан Казакстандын чектөөлөрүнө нааразы болуп келет.
Мисалы, дээрлик жыл сайын кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалардын кезеги узарып турат. Айрым учурларда кайсы бир товарларды текшерүү күчөп кетсе, кээде кайсы бир товарларды өткөрүүгө такыр эле тыюу салынып калат. Жагдай ар бир жолу сүйлөшүүлөрдөн кийин гана жеңилдейт.
Бул боюнча азыркы президент Садыр Жапаров да бир нече ирет маселе көтөргөн жайы бар. Жапаров 12-мартта Бишкекте Евразия Экономикалык Комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолукканда ушуга басым жасады. Баса, Сагинтаев Казакстандын премьер-министри болуп турган кезде да ушундай эле маселелер козголуп жүргөн.
"Ушул жылдын май айында Евразия Экономикалык Биримдигин түзүү боюнча келишимге кол коюлганына 10 жыл болот. Бул аралыкта негизги багыттагы ишмердик боюнча маанилүү ийгиликтерге жеттик. Муну менен бирге белгилеп койчу жагдайлар да бар экенин айта кетейин. Мында аткарылышы кыйын болуп жаткан айрым жоболор жөнүндө, тагыраагы, төрт эркиндик принциби – товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумуш күчүнүн эркиндиги жөнүндө кеп болуп жатат. Тескерисинче, азыр уюмдун ичиндеги соода жүргүзүүдө бир топ тоскоолдуктар байкалууда. Ички рыноктогу маселелер тууралуу соңку жети жылдан бери уюмдагы ар бир мамлекеттин лидерлери айтып келди. Бирок, тилекке каршы, ал көйгөйлөр чечилбей келатат. Ошентсе да биз чыныгы жана толук кандуу экономикалык бирикме түзүү баарыбыздын приоритетибизге кирет деп ишенебиз", – деди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сагинтаев менен жолугушууда.
Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестринде учурда эң көп орган Орусия Федерациясына тиешелүү. Бул өлкөнүн 2285 сыноо лабораториясы, 1250 сертификациялоо органы каттоодо турат.
Беларустун 464 сыноо лабораториясы, 62 сертификациялоо органы, Казакстандын 418 сыноо лабораториясы, 93 сертификациялоо органы, Армениянын 38 сыноо лабораториясы, 20 сертификациялоо органы, Кыргызстандын 43 сыноо лабораториясы, 18 сертификациялоо органы бирдиктүү реестрге кирген.
Башкача айтканда, уюмдагы өлкөлөр бул тизмедеги лабораториялардан сыноодон жана текшерүүдөн өтүп, сертификат же декларация алган ар бир товарды таанууга тийиш. Бирок иш жүзүндө каттоодогу лабораториядан өткөн компаниялардын товарлары да өнөктөш өлкөлөрдө киргизилбей калган учурлар бар.
Кыргызстандын Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев Кыргызстандагы лабораториялардагы процесстерди да баяндап өттү:
“Албетте, азыр бул сунуш деңгээлинде деңизчи, бирок баары бир Кыргызстан тарап буга тиешелүү реакция жасашы керек. Менимче, чек арада биздин автоунаалар кезекте туруп, өтө албай жатканы менен, так ушул лабораториялар боюнча бир доомат бар окшойт. Мунун артында чоң саясат турат дегенден алысмын, бирок атайын сунуш болуп жатса, баары бир байланыштырат экенсиң. Анткени Кыргызстандын экономикасы соңку жылдары кескин көтөрүлүп, экспортубуз көбөйө түшпөдүбү. Балким, ошого да байланышы бардыр. Эгер лабораториялар жөнүндө айта турган болсок, ЕАЭБдеги бардык лабораториялар бир стандарт, бир мыйзам, бир талаптар менен иштейт да. Казакстан “казак компаниялары Кыргызстандан сертификациядан көп өтүп жатат” деп жатпайбы. Балким, биздикилерде бюрократиясы аздыр, же аларга салыштырмалуу ыкчам иштейт чыгар. Биз билгенден, Кыргызстанда сертификат же декларация берген органдар ар бир документ үчүн жоопкерчилик алат. Аны текшерип-текшербей, же сыноодон өткөрбөй туруп документ бербейт. Ал оңой эле берип коё турган кагаздар эмес. Бул деген абдан жоопкерчиликтүү иш. Алардын да үстүнөн текшерген органдар бар. Анүстүнө ЕАЭБдин деңгээлинде каттоодон өтүп, талаптарды аткарып, анан иш алып барып жатышат да. Биздин эле органдар эмес, ошол уюмдун органдары да текшерип турат. Биздин фирмалар жергиликтүү лабораториялардан сырткары бизде жок багыттар боюнча Казакстан, Орусия же Беларустан да сертификациялоодон өтүп келет. Алардан келип, бизден алып жатышат. Анан бардык иш жүрүп жаткан маалда Казакстан тараптын ушундай доомат коюп жатканы биз үчүн түшүнүксүз. Эгер маселе чын эле бар болсо, анда эки тарап, Евразия Экономикалык Комиссиясынын ортомчулугунда изилдөө да жүргүзүп көрүшсүн”.
Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2023-жылы 15,6 млрд доллардан ашып, мурдагы жылга салыштырмалуу 29,9% жогорулаган. Анын 4,3 млрд доллары же 27% Евразия Экономикалык Биримдигиндеги мамлекеттерге туура келген. Кыргызстан бул уюмдагы өлкөлөрдүн ичинен негизинен Орусия жана Казакстан менен соода жүргүзөт.