Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Касым-Жомарт Токаевдин тобокел кадамы, күчтүү жүрүшү


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.
Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу. Автор макалада Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаган кадамы тууралуу кеп кылат.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Ошентип президент Касым-Жомарт Токаев казак журтуна жолдогон кайрылуусунда тобокел кадамга барды.

Тобокели ушул, күзүндө, демек жакында кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоого жол ачты. Токаев президенттик мөөнөттү жети жылга созду, бирок бир адам бир гана жолу шайлана алат деген чектөөнү киргизүү ниетин элге салды. Токаев казак коомчулугунда шайланган лидер эмес, дайындалган мураскор катары белгилүү.

Анткени туңгуч президент Назарбаев тандап, шайлатып алган, айтканынан чыкпаган, анын жетегиндеги адам деген мүнөздөмө кечээги кандуу каңтарга чейин илешип келди. Мындай аныктама эми да күүсүндө. Лидердин легитимдүүлүгүнө, анын ичтеги жана тыштагы аброюна, салмагына залакалуу аныктама.

Назарбаевге ыктаган элитанын таасири, кош бийлик, кандуу каңтар, социалдык-экономикалык оорчулуктар, геосаясий сыноолор, Орус-Батыш кармашынын кесепеттери Токаевдин президент катары беделин жогорулатып жиберген жок. Шаштысын кетирип, далай убайга салды. Эски таасирден кутулууга умтулуп, айрым туура кадамдарды жасап, эми жандана баштады.

Дагы үч жыл, өз мөөнөтү аяктаганча кирди-чыкты иштегенге легитимдүүлүгү жетет. Бирок буга канааттануу опурталдуу. Демек алдын алуу абзел.

Казакстанды алдыда чоң сыноо күтүп турат

Шайлоо чоң сыноо. Кубаттуу оппозиция, көйкашка атаандаш жок деген сооротмо кеп да жарабайт Ар бир элдин уучу кур эмес. Таалайы артык, дымагы күч азаматтар менен удаа айгай салган популисттер ар бир элде, ар бир учурда болуп келген, боло бермекчи. Андайлар азыр жок дегенге да болбойт. Назарбаев потенциалдуу атаандаштарды ордодон алыс сүрүп салган, демине суу сепкен, калгандары боконосу ката элек жалаң жаштар деген көз караш жаңылыш. Мандайы жарык, жылдызы жанган бирөө непадам суурулуп чыгып, кошо ат салышса кандай кырдаал жаралмакчы.

Болжош кыйын. Улуу жүз, Орто жүз, Кичи жүз ортосунда тымызын мөрөй талаш болуп келген. Токаев Назарбаев сыяктуу эле улуу жүзгө кирет, жалайыр уруусунан. Токаев Назарбаев менен бир образдагы, эски муундун өкүлү. Жашы жетимиштен ашты. Эски элитаны чанып, жаңылыкка куштар, жаңы образ эңсеген электорат бардык коомдо бар. Коомдук пикир оомо, тез өзгөрмө, жазгы токум булуттай туруксуз.

Айрым аналитиктер айткандай, эл-журтка таанылгыча шайлоо аяктайт, атаандаштарга убакыт жетишпейт деш да натуура. Казактын кең талаасын түгөл кыдырганга убакыт балким тардык кылар, бирок эл интернетке байланып, маалымат тездик менен тараган ушул заманда популярдуулук ыкчам аракетке, сабаттуу кампанияга жараша болмогу анык. Кыска убакыт ичинде эл ар бир саясатчынын, лидер болгусу келгендердин, азыркы бийликтин дараметин, мүдөөсүн, максатын, деӊгээлин баамдайт, тыштагылар байкайт.

Орус фактору жана тышкы таасир

Орус-украин кармашында Казакстандын президентинин ачык-айкын, жүрөктүү позициясы Москвага дегеле жакканы жок. Түштүк Осетияны, Абхазияны "квазимамлекеттик аймактар "деп эсептейбиз, Донбасс менен Луганскини да ошол себептен тааныбайбыз деп президент Путин менен бет маңдай отуруп айтты. Буга орус жетекчилигинин итиркейи келди. Ансыз деле Кремль "мамлекеттен дайын жок элдерге биз мамлекет куруп бергенбиз, алар азыр ээлеп турган территорияларды да белек кылганбыз" деп каңкуулап туру.

Казакстанда орус тилдүү калктын саны арбын. Демографиялык кырдаал Казакстанда татаал. Калктын жыштуулугу боюнча эң төмөн, 1 чарчы километрге алты адам. Бул жагдай көптөн бери эле казак бийлигин түйшөлтүп, башкаларды да түркүн ойго жетелеп, айрымдарын кыялдантып келген маселе. Азыркы учурда Казакстанда орустардын саны 3,8 миллиондон ашык же жалпы калктын 23,8% түзөт. Анын ичинен Орусия менен чектеш облустарында орус тилдүү калк көп жана компактуу жашайт. Акмоло облусунда 736,7 миң калктын 239,3 миңи (32%) орустар. Орустар Чыгыш Казакстан облусунда 486,9 миң (37%), Түндүк Казакстан облусунда 270,8 миң (49%), Павлодарда 262,6 миң (34%).

Орус медиа мейкиндигинде “Казакстандагы орус улутунун коопсуздугун курал менен коргоо керек”, “референдум өткөрүп, орус тектүүлөрдүн тагдырын чечүү абзел”, “Казакстан жасалма мамлекет, кошуп алуу зарыл” деген риторика байма-бай айтыла баштады. Болгондо да бийликчил “Единая Россия” партиясынын депутаттары, Кремль көзөмөлдөгөн медиагенттиктер сыбызгы тартмак турсун, дүңкүлдөтө добулбас уруп, бекем кеп кыла баштады. Орустардын Украинага карата соңку мезгилдеги тажрыйбасынан сабак алганбы, же болочоктогу кырдаалдын алдын торогонбу, айтор Токаев аймактарды реформалоо шылтоосу менен орус калкы басымдуу түндүк облустарынын административдик чектерин өзгөртүп, Улытау, Жетису жана Абай облустарын түздү.

Айрым өлкөлөрдөгү электоратка таасир этүү мүмкүнчүлүгү жетиштүү, саясий процесстерге жана маанай жаратуу технологиясын билген жана тажрыйбасы бар орус бийлиги чукул шайлоону пайдаланып, орусиячыл бирөөнү тымызын сүрөсө не болот? Башкалар да карап турбайт го. Айтор Касым-Жомарт Токаевге бул кадамга баруу оңойго турбаса керек. Кантсе да жети өлчөп бир кескен чыгар, антпесе мынча тобокелдикке барбайт эле тажрыйбалуу саясатчы.

Кытайдын таасири

Казакстандын ички абалына жана тышкы саясатына жалгыз Орусия жеке басар таасир эте албайт. Мүдөөсү күч, бирок кудурети аз. Ага караганда Кытайдын экономикалык таасири басымдуу. Казакстандагы инвестициянын жалпы көлөмү 50 млрд. долларга жакындады. Ал эми кредиттин көлөмү 50 млрд. доллардан ашты. Ошол эле учурда Орусиянын жалпы инвестициясы 12-13 млрд. доллар. Казакстандагы Кытай элчилигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы эле Кытай 360 млн. доллар инвестиция салган, бул былтыркыга караганда 80% көп.

Казак бийлигинин расмий маалыматына ылайык, кытайдын инвестициялык салымы соңку 10 жылда өстү, башкача айтканда ар жылы орточо эсеп менен 3-4 млрд. доллардын тегерегинде өсүүдө. Кытай инвестициясы негизинен мунай, газ, темир, жез, уран сыяктуу кен байлыктарын иштетүүгө, энергетика жана транспорт, логистика тармагында басымдуу. Ошентип Казакстанда Кытайдын экономикалык салмагы оор. Кытай муну менен чектелгиси келбейт. “Бир алкак-бир жол” стратегиялык долбоору аркылуу таасирин дүйнөгө жайылтууда. Анан Бээжин Орусия же башкасы бул өлкөдө каалаганын кыла берсин деп карап турмак беле. Албетте, кайдыгер эмес, колдон чыгаргысы келбейт.

Борбор Азия гана эмес, өнүгүп келе жаткан, эскиче айтканда “үчүнчү өлкөлөрдө” саясий лидерлердин алмашуусу өлкөдөгү экономикалык ресурстарга ээлик кылуучулардын алмашуусу жана саясий багыттын өзгөрүүсү менен коштолот. Бул регион үчүн кызыл чеке болуп кармашып келген ири мамлекеттерге абдан жакшы белгилүү. Ошондуктан тигил же бул “үчүнчү өлкөдөгү” режимдин тагдырына, багытына, абалына, потенциалдуу атаандаштарына кылдат көз салып гана тим болбой, өзүнө ылайыктуу топтун же лидердин бийликте кармалып турушун же бийликке келишине аракет кылат.

Ооганстанда талибдердин көз ачып-жумгуча бийликти басып алышы, Жакынкы Чыгыштагы токтобогон диний жаңжалдар, өзүн исламчыл атаган радикалдуу күчтөрдүн Борбор Азиядагы басыгынын катуулашы Кытайдын кооптонуусун арттырууда. Бээжин экстремисттик топтор эртең кайсы бир чабалыраак, ышкоорок, бейтаалай өлкөдө калайман салып, халифат эле халифат деп туу көтөрсө, калгандарына кандай таасир этерин мыкты билет.

Ошондуктан Борбор Азияда кырдаалды колдон чыгаргысы келбейт. Си Цзинпин адеп Казакстанга, удаа Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышууга Самаркандга аттанды. Бул Кытай башчысынын таажылуу илдеттен кийинки сыртка биринчи жолку сапары. Канткен кундө да казак лидери үчүн бул кайсы бир форматтагы моралдык жана саясий колдоо болуп эсептелет.

Легитимдүүлүк башкы маселе

Де-юре легитимдүүлүк чалкеш заманда да, тынч заманда да бийликтин, анын кабыл алган чечимдеринин, жүргүзгөн саясатынын жана кылган ишинин мыйзамдуулугун, элге жугумдуулугунун, адилеттүүлүгүнүн чыныгы кепилдиги боло албайт. Качан гана саясий, моралдык колдоо, элдин ишеними жетиштүү болсо гана бийлик бийлик болот, эки тизгин, бир чылбыр колго тиет. Де-факто жана де-юре, ичте жана тышта, моралдык жана саясий легитимдүүлүк болгондо гана бийлик толук легитимдүү деп эсептелет.

Формалдуу легитимдүүлүк сакталган менен фактологиялык легитимдүүлүк болбосо элдин мамлекетке, бийликтин анын өз жарандарынын укугун жана эркиндигин коргоо мүмкүнчүлүгүнө ишеними кетет. Таразанын бир жагында саясий, моралдык легитимдүүлүк, коомдун чыныгы колдоосуна ээ болуу муктаждыгы турат. Токаевге Назарбаевдин мураскору, дайындалган фигура деген аныктама улам барган сайын кедергисин тийгизмеги анык. Ушул тушамыштан эртерээк кутулуу кажет.

Авторитардык лидерлерге жакпаган жөрөлгө

Орус жана казак медиа мейкиндигинде президенттин бир мөөнөт менен чектелиши болуп көрбөгөн нерсе, жаңы саясий формат деген пикир басымдуу. Парламентаризм да, президенттердин мөөнөтүн бир жолку шайлоо менен чектөө да Борбор Азияда ойдо жок жаңылык эмес. Кыргызстан мындай жолду алгач баскан өлкө. Биздин мамлекет парламентаризмди эң алгач апробациялаган, бирок маанисин бузуп алып, андан кайра баш тарткан. Маселе системада эмес, кептин баары өзүбүздө экенин эмгиче моюнга албай келебиз.

Мурда сонун эле деген мааниде эмес, адилеттик үчүн тарыхый фактыны бурмалабай айтуу зарылдыгынан улам эске алып отурабыз. Президент Токаевдин президенттик мөөнөттү бир жолку шайлоо менен чектөө ниети казак коомчулугунун көбүнө жакканы менен, айлана-тегерегине, сырттагыларга жакпай туру. Бир кезекте биздин парламентаризмге умтулуубузду кандай сындаса, дал ошондой какшык кеп айтып, "бир ирет жети жылдык мөөнөт - курулай популизм" деген сын пикирлер орус медиа мейкиндигинде бекем айтылууда.

Постсоветтик өлкөлөрдө саясий режимди өзгөртүү боюнча ар кандай реформаторлук демилгелер салттуу башкарууга көнгөн президенттерди жана авторитаризмге ыктаган саясий элитаны бүшүркөтүп, тырчытары турулуу иш. Тигил же бул өлкөдөгү демократиялык умутулуулары жана жөрөлгөлөрү ички коомчулуктун маанайына кесепети тиет, ойдо жок нерселерди козгойт деген санаага салат.

Ошентип Касым-Жомарт Токаев өзү үчүн тобокел, эски элита үчүн кооптуу кадам таштады. Бирок акыйкат ишке аттанды, күчтүү жүрүш жасады. Бирөөлөр хронологиялык тартипте гана тарыхта калат, башкалары кылган иши менен тарыхты аныктайт. Президент Токаевдин ушул саясий иши тарыхый мааниге ээ.

XS
SM
MD
LG