Кыргызстанда быйылкы жылдын жети айында азык-түлүккө баа 12 пайызга кымбаттады. Өлкөдө эң көп кумшекер жана ун азыктарынын баасы сезилерлик жогорулаган. Экономика министрлиги мындай кырдаалды дүйнөдөгү абал менен түшүндүрүп, учурда бааларды кармоого аракет көрүлүп жатканын билдирүүдө.
Абдрасул аксакал Таластагы Арал айылынын тургуну. Жер иштетүү жана мал чарбачылык менен алектенген аралдык тургун соңку кездердеги ун, шекер сыяктуу азык-түлүктөргө баанын кымбаттаганы сезилип жатканын айтууда.
"Баары эле кымбаттагандай болуп атат. Суу майың кымбат, бензиниң андан кымбаттады. Мисалы, ундун бир мүшөгү 2200 сомго чыгып кетти. Айыл жеринде турганын үчүн ундун баасы кадимкидей сезилет. Кумшекердин киллограммы болсо 89-90 сом болуп калыптыр. Бүгүн Таласка барып, дүң саткан дүкөндөн 89 сомдон алып келдим", - деп базардагы соңку абалды баяндады.
Таластын тургуну белгилегендей, өлкөдөгү азык-түлүк, күнүмдүк керектелчү товарларга баанын өскөнүн расмий органдар деле четке какпайт. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйыл январдан августка чейин инфляциянын деңгээли 9,6 пайызды түздү. Өлкөдө азык-түлүктөрдүн ичинен эң көп кумшекер 41%, ун 25,5%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган.
Буга чейин кумшекердин баасынын кескин кымбаттоосу жана тартыштык сезилип, өкмөт шекерди сыртка чыгарууга жарым жылга чектөө киргизген болчу. Азыркы тапта өлкөдө бир килограмм кумшекердин баасы 85-90 сомду түзүүдө.
Жарым жылда эң көп алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баа өсүп, 12,9% жогорулаган. Тамак-аш жана алкоголсуз ичимдиктер 12,6% кымбаттады.
Кыргызстандын Экономика министрлиги БУУнун Азык-түлүк, энергетика жана финансы тармагындагы кризистерге каршы туруу глобалдык тобунун маалыматтарына таянып, дүйнөдө азык-түлүк жана сырьёлук товарларга баа өсүп жатканын билдирүүдө. Буга Украинадагы согуш, Орусияга салынган санкциялар да кошул-ташыл болду.
"Бааны туруктуу кармоого аракет кылып жатабыз"
Экономика министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, өлкөдө керектелчү азык-түлүк, күнүмдүк товарлардын дээрлик 70 пайызга жакыны сырттан импорттолот. Мындан улам дүйнөлүк базардагы олку-солкулук Кыргызстанга түзмө-түз сезилип жатат.
"Негизги товарлар сырттан ташылып келгендиктен, дүйнөлүк дүң баанын өзгөрүшү баанын кымбатташына алып келди. Экинчиден, доллардын баасынын туруксуздугу. Үчүнчүдөн, нефтиге баанын өсүшү. Төртүнчүдөн, соңку кырдаалдан улам айрым базарлардан алып келүү мүмкүн болбой жатат. Мисалы, Украинадан келчү бир топ товар токтоп жатат. Биз азыр Орусия менен Казакстандан алып келүүдөбүз".
Тайлаков мындай кырдаалда өкмөт базардагы бааны туруктуу кармоо үчүн бир катар чараларды көрүп жатканын билдирүүдө. Бул максатта айрым товарларды сыртка ташууга тыюу салып, кээ бирлерин алып келүү үчүн альтернативалуу базарлар изделип жатат. Мындан сырткары калктын аялуу катмары үчүн биринчи муктаждыктагы товарлардын баасын төмөндөтүү аракети жүрүүдө. Маселен, Бишкектеги ири супермаркеттерде 1 килограмм шекерди 78 сомдон сатылып жатат. Эгер жарандар андан көп алса, 84-85 сомдон сатылат.
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысы күзгө жакын базар баасы бир аз болсо да турукташат деген ишенимин айтууда.
"Азыр шекер, ун боюнча маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз. Мисалы, ун боюнча Орусия менен жаңы келишимдер түзүлдү. Мурда килограммын 21 рублден алса, азыр 17-18 рублден алуу боюнча келишимдер түзүлдү. Ошол таасир берип буга чейин биздин рынокто килограммы 38 сом болсо, жакынкы аралыкта 1-2 сомго арзандашы керек".
Быйыл март айында Министрлер кабинети социалдык-экономикалык көйгөйлөргө чара көрүү боюнча Антикризистик комитет түзгөн эле. Бул комитет базар бааларын тынымсыз карап, жетишүү запасты жана жеткиликтүү бааны камсыздаганга аракет кылышы керек болчу.
Кыргызстан товар өндүрүүчүлөр жана өткөрүүчүлөр бирикмесинин башчысы Гүлнара Ускенбаева соңку баалардын өсүшүн дүйнөдөгү обьективдүү көрүнүш деп атады. Ал азык-түлүк баасындагы соңку олку-солкулук көбүнэсе доллардын курсу жана ташып келүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу экенин белгилейт.
"Азык-түлүктүн баасында кескин секирик байкала элек. Көбүнесе доллардын курсу, күйүүчү-майлоочу майдын баасында өзгөрүшүнө байланыштуу болууда. Анткени Кыргызстанга кара жол менен ташып келген үчүн товарларды жеткирүүнүн баасы өзгөрүп турат. Айыл чарба министрлиги быйыл түшүм жакшы деп жатат. Эми аны жакшылап жыйнап алса, азык-түлүктүн баасында бир аз өзгөрүү болот эле".
Ускенбаева Украинадагы окуяларга байланыштуу бул өлкөдөн ташылып келген товарларда кыйынчылык бар экенин, анын ордуна альтернативалуу базарлар изделип жатканын белгилейт.
Ал ошондой эле кыйын кырдаалда ишкерлерге өкмөттүн колдоосу сезилбей жатканын жашырган жок.
"Албетте, кандайдыр бир чаралар иштелип чыкса керек. Ал жакшы экенинен шегим жок. Бирок биз ага катышкан жокпуз жана кандайдыр бир жардамды сезбей жатабыз".
Казакстанда кумшекердин айынан министр кызматтан кетти
Азык-түлүккө баанын өскөнү Кыргызстанда эмес, жалпы аймакта сезилүүдө. Маселен, Казакстанда бул жаатта былтыркы жылга салыштырмалуу 20 пайыз жогорулоо бар экени байкалган. Анын ичинен эң көп кумшекер кымбаттап, анын баасы 87 пайызга, ун азыктары болсо 36 пайызга чейин өскөн.
Мындай жагдайдан улам казак президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөт башчынын орун басары - соода-сатык жана интеграция министри Бахыт Султановду кызматтан алды.
Мындан бир ай мурда ага жана айыл чарба министри Ербол Кармашукеевге кумшекер кымбаттаган, анын таңкыстыгы жаралган жагдайдан улам сөгүш берилген.
Султановдун “кумшекер кааласаң дагы, каалабасаң дагы кымбаттайт”, “мен шекер колдонбойм, чайды бал менен ичем” деген сөздөрү талкуу жараткан.
Казакстанда март айынан тартып шекердин баасы кескин көтөрүлүп, таңкыстык жаралган.
Украинадагы согушка чейин Казакстан кумшекердин дээрлик 70% Орусиядан алчу. Батыштын Москвага санкцияларына улам Орусия шекерди сыртка экспорттоого чектөө киргизген.
Расмий Нур-Султан өзү дагы май айынан тартып жарым жылга кумшекерди сыртка чыгарууга тыюу салган.