31-августта Оштун Төлөйкөн айылында өткөн көкбөрү оюнунан кийинки жаңжал коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Анда оюнга күбө болгон президент Садыр Жапаровдун көрүүчүлөрдүн нааразылыгына ойлуу көз салып турган сүрөтү, видеосу да социалдык тармактарга тарады. Бул сүрөт боюнча интернетте ар кандай пикирлер айтылып, жаңжал тууралуу да ойлорун бөлүшүп жатышат.
Саясат талдоочу Эмилбек Жороев менен бул кырдаалды, ага коомчулуктун берген баасын, пикирлерин талдадык.
-Коомчулукта Ошто өткөн көкбөрү оюнунан кийинки жаңжал талкууга түшүп, бийлик башчылары баш болуп реакция кылды. Айрымдар муну спорттук оюндардын күйөрмандарына мүнөздүү жүрүм-турум катары сыпаттаса, айрымдар коомдо топтолгон терс окуялардын жыйындысы катары сыпаттап жатат. Соңку окуянын кесепетин кандай түшүндүрсөк болот?
- Көкбөрү оюнунда катталган окуяны андан кененирээк саясий же жалпы психологиялык жагы бар деп, териштирүүдөн алысмын. Бул оюнда боло турган көрүнүш жана буга чейинки мелдештерде да талаштар болуп келген.
- Бул маселе Кыргызстан эгемендик алган күнүн белгилеп жатканда орун алды. Жаңжал бир жагынан коомдун абалын, деңгээлин, көйгөйүн ачыкка чыгаргандай болду. Айрымдар бул акыбалды бийликтин агартуу иштерин жүргүзбөгөндүгүнүн көрсөткүчү, нааразылыктын көбөйгөнү катары да баалап жатышат. Сиз жаңжалдын фонунда бул абалга, маселенин тереңдигине кандай баа бересиз?
- "Оюндагы жаңжал Кыргызстандагы абалды чагылдырат" десек, балким, аша чапкандык болот. Бирок ушул сыяктуу биздеги маданият, коомдогу урматтай билүү, маанилүү менен майда көрүнүштү иргей билүү деген маселелерде өксүктөрүбүз бар. Ушул сыяктуу иш-чараларда жаңжалдар болбошу үчүн “балдарыбызды тарбиялайлы, агартуу менен алек бололу” дегендер символикалык мааниде айтылган сөздөр.
Бирок бизде башкаларды урматтай билүү, таш ыргытпай, күч колдонбой, сөгүнбөй, ортодогу маселени сабырдуулук менен чечишүү деген маданият калыптанган эмес. Ким катуу кыйкырса же кимдин билеги күчтүү болсо, ошол жеңет деген тыянактар да чыгып калат. Келечекти эске алганда, маданий тарбияга, агартууга көңүл бурулушу керек.
- Бул окуядан соң кызуу талкууланып, анда президенттин катышканы тартылган сүрөт да улам жарыяланып, "жаңжал салгандар президентти да көзгө илген жок, падыша деген Кудайдын жердеги көлөкөсү" деген пикирлер айтылып жатат. Ага удаа эле анын ошол жерде ойлуу турган сүрөтүн бөлүшүп," коом президенттин мээнетин баалабай, ишин жокко чыгарып жатат" деп мамлекет башчыга жан тартып жаткандар да бар. Сиз мындай реакцияларды, пикирлерди кандай деп чечмелейт элеңиз?
- Бул окуядан кийин социалдык тармактарда бири-бирине коендой окшош билдирүүлөр көп тарай баштады. Менин оюмча, бул атайын пландалган пиар кампания болду окшойт. Кыргызда президентти Кудайдын көлөкөсүнө теңөө мурдагы президент Аскар Акаевдин маалында да болгон. Кийин мындай “обужок” көтөрмөлөөнүн кесепетин көрдүк. Кыргызда башка кишини ата тутуп, Кудайдын көлөкөсү көргөн түшүнүк болгон эмес.
Президентти эл шайлаган, демек ал элдин башчысы. Анын ордун ошондой гана көрүшүбүз керек. Көкбөрүдөгү окуя бир гана президентти эмес, баарыбызды капа кылды. Баарынын бузулган маанайы бирдей баалуу болушу керек.
- Президенттик кызматка же бийликке ашыкча баа берилип, обочолонгон мамиле болуп жатат деп айтып калдыңыз. Анда бийлик менен жаран же коом ортосундагы мамиленин тең салмактуулугу кантип сакталышы керек?
- Ага сөзсүз матеметикадагыдай чек коюлбаш керек. Ар бир адамдын тубаса сый-урматка татый турган орду бар. Президент же башка мамлекет башчылар тууралуу сөз кылганда анын адам, жаран катары каларын эстен чыгарбашыбыз керек. Аларды өзгөчө көрүп, адам менен Кудайдын ортосунда турган ортомчу катары карай баштаганыбызда, биз башка саясий формага оогон болобуз. Мамлекет башчынын кылган аракетине, ар бир сөзүнө кол чаап, баарына макул болуп калабыз. Бирок демократиялык, эркин өлкөдө мындай мамиле орунсуз, анын келечеги жок.
- "Эгемендик, бийликтин ээси эл, мамлекет ар бир жаранга кызмат кылышы керек" деген лозунгдар ар жыл сайын бул майрамда айтылып жүрөт. Бирок бул баалуулуктар 32 жылда элге канчалык сиңди, коом бул приоритеттерди канчалык деңгээлде туура түшүнүп, кабыл алды?
- Элдик мамлекет деп таанылган өлкөдө эгемендиктин жүгү ар бир жарандын моюнунда экенин түшүнүп, баалап жүрүү керек. Мамлекеттин жүгү дегенде президент арткан жүктү көтөрүү деп түшүнбөшүбүз керек. Тескерисинче, өлкөнүн эгемендиги бекем болушу үчүн ар бирибиз акыл калчап, мыйзамдар так сакталып, анын ар бир жаранга адилеттүү жашоону камсыздашы үчүн жан үрөшүбүз керек.
- Социалдык тармактарда бул окуядан кийин “адилетсиздикке, калыс каралбаган чечимдерге коомдун реакциясы ушундай болот” деп аныктама бергендер да болду. Бийлик бул көрүнүштөн кандай сабак алышы керек деп ойлойсуз?
- Бул маселе бийликтин назарында дайыма болушу керек. Бул үчүн жогорудагыдай окуялардын болушу шарт эмес жана мунун мааниси жок. Адилеттүүлүк дегенде жарандардын пикири бир, адилетсиздикти дароо сезет деп айтуу кыйын. Коомдогу адилетсиздикти жарандар көрбөй, сезбей деле калышы мүмкүн. Бирок бара-бара бул жаш балага деле түшүнүктүү боло турган нерсе. Калың элге адилеттүүлүктү кантип табуу керек, ал кантип келет дегенде, мунун негизги жолу – талкуу, ачыктык. Ар түрдүү пикирлерге мүмкүнчүлүк берилсе, биз адилеттүүлүктүн орток пикирин кабыл алабыз.