Диниятчыларга жакпаган сөздөр
1415-жыл, 6-июль. Немистердин Констанц шаарында Ян Гус (Jan Hus) өрттөлдү. Сегиз айга созулган соттон кийин католик чиркөөсүнүн курултайы жалпы Европага таанымал диниятчыны Кудай жолунан адашты деп тапкан эле. А чынында Густун башкы күнөөсү өзү сыяктуу диниятчылардын адепсиз жосундарын эл алдында ачык айтып сындаганы болгон. Ян Гус койгон маселелер бүгүн да актуалдуу:
- Диниятчы диний жөрөлгөлөрдү өткөргөнү үчүн акча албашы керек жана чиркөөдөгү кызмат орундары чоң акча берген адамга сатылбашы керек;
- Диниятчы билимине жана тазалыгына жараша кызматка дайындалууга тийиш;
- Чиркөөгө “куп” деп баш ийүү жана диниятчылардын айтканынан чыкпоо туура эмес. Ыйык китеп Библиядагы “Сокур сокурду жетелесе, экөө тең аңга түшөт” деген лакапты эсте тутуп, ар бир адам ойлонуп иш жасашы керек;
- Кудайдын осуятын бузган бийликти чиркөө тааныбастан чанышы керек;
- Адилетсиз бай ууру деп эсептелиши керек;
- Ар бир тарса өмүрүн тобокелге салып болсо да чындыкты издеши абзел.
Ян Гус бул сөздөр менин оозумдан чыккан эмес десе эле өмүрүн сактап калмак. Бирок Ян Гус эл алдында айткан сөзүн чанса, аны бүгүн чехтер эстеп, урматтайт беле?!
Праганын алтын доору
Ян Гус жашаган XIV кылымдын аягы, XV кылымдын башында Прага Парижден эки эсе чоң шаар эле. Калаада 40 миң адам жашап, 104 чиркөө, 24 мектеп, университетке даярдачу 3 колледж болгон. Прага университетинде 7 миң студент окуган. Алардын көбү немис шаарларынан, Польша жана Венгриядан болчу. Прага ошондой эле ошол кездеги Ыйык Рим империясынын расмий байтактысы саналчу.
Ян Гус университетти бүткөндөн кийин Эски Прагадагы чиркөөдө баш имам, андан соң университетте декан, кийинчерээк ректор болуп иштегендиктен жалпы Европага белгилүү диний жана илимий ишмер болчу. Ал кезде Рим католик чиркөөсү Европадагы жерлердин үчтөн бирине ээлик кылгандыктан чиркөөнүн экономикадагы ролу падышалыктардан да күчтүү болгон.
Ыйманды унуткан ферарлар
Ошого, чех окумуштуусу Петр Кокайзлдын (Petr Kokaisl) айтымында, Чехия жериндеги эси бар адамдын баары диниятчы болууга ынтылган.
- Орто кылымдык Чехияда көптөгөн адамдар өмүрү өткөнчө туруктуу айлык алуу, кирешелүү орунда отуруу үчүн диниятчы болууну каалашкан. Аларды чиркөөдө кутпа окуп, элге таалим берип, диндин негиздерин ташбыйкаттоо көп кызыктырбаган. Муну архивдик материалдар күбөлөйт. Богемия жана Моравиянын епискобу текшерүүчүлөрдү жер-жерлерге жиберип, чиркөө башчылары (ферарлар) кандай иштегенин текшерткен. Текшерүүчү визитатор (латынча визитус) деп аталган. Алар отчетторунда диниятчыларды сойкуканага барышат, ойнош аялдары көп, кумар ойношот, мас жүрүшөт, латын тилин такыр билишпейт, мессаны (ибадатты) кантип өткөргөндү билишпейт деп жазышкан. Диниятчылар арасындагы мындай былыктарды Ян Гус катуу сындаган. Гус эгер диниятчы күнөө кылса, ал өткөргөн бардык ибадаттар жараксыз деп айткан.
Ал заманда католик чиркөөсүндө орногон тартип боюнча, чиркөөгө чокунганы барган адамдар Иисус Христостун бар экенин сезүү үчүн нан, диниятчылар шараптан ооз тийишкен. Ян Гус диниятчы жана динзар Кудай алдында тең болгондон кийин, динзар да шараптан ооз тийиши керек деп талап койот. Мына ошондон кийин гана чиркөө катардагы динзарларга литургия учурунда нанга катар кызыл шарап берүүгө аргасыз болгонун айтат чех публицисти Ефим Фиштейн (Efim Fishtejn):
- Ал кездеги Чехиянын территориясында жашаган көпчүлүк элдер: чехтер да немистер да Ян Густун руханий мурасын сактап улантууну талап кылышты. Алардын талабын бүгүнкү тарса-католиктерге түшүнүү кыйын. Бирок ал кезде алар үчүн өтө маанилүү эле. Тарсалар чиркөөгө барганда диниятчы аларга седептей кургак чабаты жана бир кашык кызыл шарап ооз тийдирет. Нандын сыныгы Исус Христостун денеси, а шарап каны дегенди билдирет. Католик чиркөөсүнө таат кылганы келген динзарлар нандан гана ооз тийсе, шарапты тек гана диниятчылар ичкен. Ян Гус жана анын жолдоочулары шараптан жөнөкөй динзарлар да даам татуусун талап кылышты. Ошондой эле чиркөөнүн диниятчылар үйлөнбөй жалгыз бой өтсүн деген канонуна каршы чыгышты. Андай жобо не Жаңы Осуятта (Новый Завет), не христиан дининин негиздеринде жазылбаган.
Пулдуулар күнөөсүн кантип жууган?
XIV кылымдын аягында бүгүнкү Чехиянын аймагында, тагыраак айтканда, Богемия менен Моравияда чиркөө дайындаган текшерүүчүлөр- визитаторлор 3,5 миңден көп чиркөөдөн салык чогулткан. 1393-жылы Ватикан Чехиянын аймагында жашаган пенделер үчүн “мээрмандык жайын” жарыялайт. Ага ылайык, жайкысын Праганын чиркөөсүнө кеминде 15 жолу сыйынганы барган адам жасаган күнөөлөрүнөн тазаланган. Бирок күнөөң толук жуулуш үчүн акыркы жолу чиркөөгө барганда, Римге зыяратка кетчү чыгымдын өлчөмүндөгү акчаны чиркөөгө төгүп беришиң шарт эле. Зыяратка кетчү чыгымдын суммасын Ватикан дайындаган диниятчылар аныкташкан. Бул кылмыш же күнөө жасаган капчыктуу байларга чиркөөнүн эсебине акча төгүп, Рим папасынан өзүн Кудай алдында ак деген грамота-парман алуусуна түз жол ачкан. Экинчиден, коомдук турмушту толук көзөмөлдөп, динзарлардан түтүн салыгын алып турган чиркөө кызматкерлерин байлык жана токчулук кутурткан.
Мындай абалга Ян Гус ачыктан-ачык каршы чыгат. Диниятчыларды адептүүлүккө, ыйманын сактоого чакырат. Ал Библияны чехтер өздөрү окуп түшүнүүсү үчүн чех тилине которот. Ибадаттарды чех тилинде жүргүзөт. Ян Густун пакизалыгы, диниятчыларды жанын акчага сатпоого чакырганы Ватиканга да жакпайт. Ошон үчүн бүгүнкү Констанца шаарына амал менен чакыртып алынып, тирүү өрттөлөт.
Протестантизмдин башаты
"Густун өлтүрүлүшү дээрлик 200 жылга созулган гуситтер козголоңуна түрткү берген", - дейт коомдук ишмер Ефим Фиштейн:
- Бүгүнкү дүйнөдө протестантизм, анын ичинде кальвинизмби, лютеранствобу же протестантизмдеги евангелиялык деп аталган диний агымдар болобу - алардын баарынын руханий башаты Ян Гуска барып такалат деп эсептелет. Чех элинде протестантизмдин салты күчтүү болгондуктан Чехияда өкүмдарлык кылган бир да дин жок. Азыр гуситтер чиркөөсүнүн түрдүү форматтары түрүндөгү протестантизм жана католицизмди өлкөдөгү эки негизги диний агым деп айтса болот. Ошентип, өлкө тарыхында бир да үстөмдүк кылган дин болбогондуктан, Чехия диний жактан либералдуу мамлекет болуп келет. Ян Густун Чехия үчүн тарыхый мааниси мына ушунда. Ян Густун мааниси Европа үчүн абдан чоң. Себеби аны өрттөшкөндөн кийин Чехиянын элинен да башка калктар көтөрүлүштү. Бул чиркөөнүн ал кездеги абалына, өкүмзорлугуна болгон алгачкы ачык нааразылыкка чыгуу эле. Анткени Жан Кальвин жана Мартин Лютер Ян Густан бир кылым же андан да кийин чыгышты.
Ян Гус өлгөндөн эки жүз жылдан кийин Чех жерин байырлаган адамдардын кеминде 90% католик эместер болгон жана кээ бир адамдар Густун жана анын мураскерлеринин окуусун карманышкан.
Чех орфографиясын жөнөкөйлөштүрүү
Ян Гус чех орфоргафиясын жөнөкөйлөштүрүп реформалаган. Петр Кокайзлдын сөзүнчө, ал чех жазуусуна киргизген жаңылыктарды бүгүн латыштар менен венгрлер да колдонушат:
- Чехтер ал кезде Чех королу-падышанын букарасы деп саналчу жана алардын кээ бирлери чех тилинде, башкалары немис тилинде сүйлөшкөн. Чехия Богемия деп аталчу жана өлкөнүн шаарларындагы чиркөөлөрдө таат-ибадаттар чех же немис тилинде жүргөн. Ян Гус адамдарды чех тилин жакшы билүүгө үндөгөн. Ибадаттарды да чех тилинде жүргүзүүгө алгачкылардан болуп чакырган. Ал чех тилинде жазууну жеңилдетүү үчүн орфографиясына реформа жасаган. Каткалаң үндүү тамгаларды ажыратуу үчүн алардын үстүнө тырмакча (“хачки”) белгисин (ě,š,č,ř,ž) , ал эми созулма үндүүлөрдүн үстүнө “үтүрчө” (чарки) (á,é,í,ó,ú) белгисин жазууну киргизген. Латыштар жана венгрлер чех тилинин грамматикасынан хачки менен чаркини алышкан.
Ян Гус католик чиркөөсүн реформалоого чакырганы үчүн “каапыр”, “еретик” деп караланып өлтүрүлгөнүнө карабай, аны өрттөлгөндөн кийин ыйык деп урмат кылышат. Ян Густу өлтүрүү протестантизм кыймылынын жаралышына себепчи болгону менен, протестанттар аны толук бойдон өзүбүздүкү деп эсептешпейт.
Идеологдор Ян Густу кантип "көркөмдөшкөн"?
Деги эле улуттук деңгээлдеги тарыхый фигураларды көркөмдөп, кемтиксиз кылып көрсөтүү аракети көпчүлүк улуттар үчүн мүнөздүү илдет. Тарых боюнча окуулуктарда бийликтин ыктыярына ылайык, Ян Густун сүрөтү да төрт тарабы келишкен адам кылып тартылганына көңүл бурду доцент Кокайзл:
- Ян Густун сакталып калган сүрөттөрү өтө кызыктуу. Тарых боюнча окуу китептердеги сүрөттөрдө Ян Гус арык, сакалчан болуп тартылган. А чындыгында, Ян Гус өзү мага баскан кыйын болууда, себеби семизмин деп жазган. Бирок илимпоздор, философтор болтойгон семиз болбош керек деген түшүнүктөн улам Ян Густу сүрөттөрдө, мен айткандай, арык кылып көрсөтүшкөн. Анын алгачкы келбети католик чиркөөсүнүн төрүндөгү алтарына тартылган. Католиктер адегенде Ян Густу ыйык деп таанышкан.
Ян Гуска эли алты кылымдан кийин берген баа
Чехияда бир нече жыл мурда өткөрүлгөн сурамжылоодо Ян Гус чех элинин миң жылдан ашык тарыхындагы эң көрүнүктүү төрт адамдын бири деп аталган. Бул чындык жана ыймандуулук үчүн жанын канжыгага байлаган диниятчыга өз эли 600 жылдан кийин берген баа болду. Ал эми Рим католик чиркөөсү Ян Густу дин жолунан адашты деп соттогону жаңылыш болгонун 2009-жылы мойнуна алды.
- Рим католик чиркөөсүнүн башчысы, Папа Иоан II 1999-жылы Ян Густу актады, -дейт Ефим Фиштейн. - Католик чиркөөсү Ян Гуска еретик деп жалаа жаап, өрттөгөнү үчүн кечирим сурады. Бул окуя бүгүнкү күнгө чейин Ватикандын бетине сүйкөлгөн көө. Чехтер үчүн Ян Гус олуя эмес, улуттук баатыр. Себеби ал чындык үчүн, идея үчүн өлгөн. Ошон үчүн чехтер Ян Густу көйкашка тарыхый инсанга катар улуттун символу болгон инсан деп эсептешет. Ырас, Ян Гус өз окуусунан баш тартса, ал тирүү калтырылмак, атүгүл динзарларга кутпа окуй бермек. Бирок ал өз окуусун ересь деп атаганга көнбөдү.
600 жыл мурда Ян Гус диниятчылардын ыктыяры боюнча тирүүлөй өрттөлүп жатканда, бир байкуш кемпир отко бир боо куурай таштайт. Муну көргөн Ян Гус “О, ыйык жөнөкөйлүк!!” (O Sancta simlicitas!) деп үшкүрүптүр жана жалбырттаган жалында ырдап туруп жан бериптир.