Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Керимбай Элебесов азыр 96 жашта. Согушка эки жолу барып келген ардагер азыр Тоң районунун Кызыл-Туу айылында турат. Өзү Жети-Өгүз районунун Чычкан айылында туулган карыя биринчи ирээт согушка 17 жашында барганын айтып берди. Бутунан жараат алып, айылына келип айыккандан кийин 1944-жылы экинчи жолу согушка чакыруу алган.
Түп районунун ардактуу атуулу, ардагер Кадырбай Абдыкалыков Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуган. Согуш талаасына бүтүрүү кечеси болуп жаткан күнү аттанган.
Кыргызстан коронавируска байланыштуу Жеңиш майрамын шаан-шөкөтсүз тосту.