Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02
Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Өкмөттүн дымактуу пландары ишке ашабы?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, экономикага байланыштуу суроолорго жооп берди.

12:36 15.2.2022

Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун Нарын облусунун аймагынан Макмал аркылуу Жалал-Абад облусунан Өзбекстанга чейин куруу сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, дал ушул маршрут ыңгайлуу деп каралып жатат. Өкмөттүн башчысы мындан сырткары Орусия менен бирге Кара-Кече - Кочкор - Балыкчы жолунун курулушун баштоо пландалып жатканын билдирди.

"Бул темир жолдун курулушун баштоого экономика өзү түрткү болот. Бул долбоордун акыркы маршруту аныкталган соң эл алдына чыгарабыз", - деди Жапаров.

12:35 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Билим берүү тармагы төртүнчү баскычта болушу керек. Геологду окуткан окуу жайдын өзүнүн лабораториясы жок. Мектеп деген бул таланттуу балдар менен таланттуу мугалимдер жолуккан жер. Биз ошол таланттуу мугалимдерди жоготуп алдык. 40-60-жылдары бизге еврей мугалимдер келген. Ошолор Медакадемияны, Политехти түптөгөн. Биз ошондой шартты кайра түзүшүбүз керек.

12:32 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Видеоңор болсо социалдык тармакка жүктөп койгула. Садыр Нургожоев көрөт экен. Түнкү саат 2де барып жатсаң келет билдирүү, карасаң салып койгон болот. Биз министрлер атайын вотсап группа ачып алганбыз. Ошол жерден баарлашып турабыз.

12:30 15.2.2022

Акылбек Жапаров: 7-8 жыл мурда экономиканын өсүү фактору балдардын төрөлүшү десем, көптөр күлдү эле. Мындан ары жылдан жылга демографиялык өсүш боло берет. Мектептер тартыш боло баштайт. Ошон үчүн биз бир-эки жылда мектептерди толук бүтүрөлү деп жатабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG