Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:56
Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Өкмөттүн дымактуу пландары ишке ашабы?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, экономикага байланыштуу суроолорго жооп берди.

12:15 15.2.2022

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтын сатылып, кыргыз экономикасына жумшалып жатканын билдирди. Бүгүн, 15-февралда маалымат жыйын учурунда өкмөт башчы алтынды Кыргызстандын ичинде алып калуу аракети жүрүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле, ар бир кыргызстандык сатып алууга мүмкүн болгон алтын тыйын чыгаруу каралып жатканын айтты.

"Биздин алтын дагы сыртка чыккан жери жок, биз аны сатып атабыз. Андан түшкөн каражаттар экономикага киргизилип жатат. Буга чейин 410 тонна сыртка сатылып кеткен. Биз мындан ары колдон келсе Кыргызстандын ичинде алып калсак деп жатабыз. Азыр ага өкмөттүн, Улуттук банктын, башка банктардын дагы мүмкүнчүлүгү бар. Бир жылдын ичинде кыргыз элине бир үй-бүлөдө алтын туяк болбосо дагы кыргыздын алтыны болсун деген ниетте миң доллары бир жылкы деп монета чыгаралы деп жатабыз. Бир граммдан 10 кг. чейин алтынды жарандар сатып алсын деп жатабыз", - деди Жапаров.

12:14 15.2.2022

Акылбек Жапаров Тимур Файзиев тууралуу: Бул жигит "Фейсбукка" чыгып көнүп калыптыр. Аны токтотуп, ишиңди кыл деп жатабыз. Мен буга чейин курулуштарын көрүп келдим. Энергиясын өкмөттүн ишине жумша деп жатабыз.

12:06 15.2.2022

12:01 15.2.2022

Жетим-Тоо, Бала-Чычкан темир кендерин Кыргызстан өзү иштете турганын бүгүн, 15-февралда маалымат жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал учурда геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатканын айтты.

"Жетим-Тоо ачылганда темир бар экен деп белги коюп кете беришкен. Эч качан геологиялык-изилдөө иштери жүргөн эмес. Азыр "Улуу көчмөндөр мурасы" изилдеп чыгат. Жер казынасын пайдаланууда беш жылдык убакыт керек. Баарын бүтүрсө заводду бир-эки жылда куруп коюп темир чыгара берсе болот. Бирок азыр анын запасын билишибиз керек. Союз убагындагы эле маалыматтар менен жүргөнбүз. Азыр бул 100% кыргыз элине иштей турган нерсе. Ошондуктан чыр-чатагы жок иштей беребиз", - деди Жапаров.

Буга чейин коомдук-саясий чөйрөдө "Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт Кытай мамлекетине берет экен" деген күдүк кептер айтылып келген. Кыргыз өкмөтү бул сөздөр чындыкка дал келбей турганын билдирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG