Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36
Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Өкмөттүн дымактуу пландары ишке ашабы?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, экономикага байланыштуу суроолорго жооп берди.

11:46 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Энергетика бизге эң чоң потенциал алып келе турган тармактардын бири. Былтыркы, быйылкы суу тартыштыгынан кийин колубузда эмне деген байлык турганын түшүндүк. Ошол себептүү "Камбар-Ата" ГЭСин өзүбүз баштаганы турабыз. Ал эми "Камбар-Ата 2нин" экинчи агрегатын ишке киргизебиз. "Камбар-Ата 1ге" Өзбекстан кызыкдар экен. Казакстан дагы кызыкдар болуп жатат. "Бала Сарууну" кыргыз-орус компаниясы курат. Калган ГЭСтерди Кумтөрдүн акчасына курабыз. Күндүн нуру менен иштей турган станция Токмокто, Ош, Жалал-Абадда курулат.

11:41 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Биз бир элбиз. Бир элдин бүтүндүгүнө ким шек келтирсе, аны чыккынчы деп билебиз. Менин келинчегим бизнесин жапкан, азыр айыл чарба менен алектенип жатат. Саясатта жүргөндөн кийин келинчектерге, балдарга кыйын. Мага жана менин келинчегиме иш козголгон эмес, компанияга иш козголгон.

11:38 15.2.2022

Акылбек Жапаров: Биз жаңы доорго өттүк. Жаныбыздагы Кытай мамлекети 100 атом станциясын курганы жатат. Казакстанда, Өзбекстанда курулганы жатат. Бул бир жылда эле бүтө турган иш эмес. Кеминде 50 жылда бүтөт. Биз чоңун болбосо да чаканын курушубуз керек. Анткени бүткүл дүйнө атомдук станцияга өтүп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG