Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Жапон-орус алакасындагы жылыштар


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана анын жапониялык кесиптеши Фумио Кишида
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана анын жапониялык кесиптеши Фумио Кишида

Орусия менен Жапониянын ортосундагы “эки плюс эки” форматындагы сүйлөшүүлөр дээрлик үч жарым жылдан кийин кайра жанданды. Өкмөт өкүлдөрүнүн жолугушуусу алака жакшырганын күбөлөгөнү менен ортодо маселелер кала бергенин да көрсөттү.

Акыркы жолу 2013-жылдын ноябрь айында жолуккан орус-жапон министрлеринин бул жолку сүйлөшүүлөрү экономика жана коопсуздук жаатында кызматташтыкты тереңдетебиз деген убадалар менен аяктады.

Жапония менен Орусиянын мамилеси 2014-жылы Москва Украинанын чыгышындагы Крым жарым аралын аннексиялагандан кийин начарлап кеткен. Ансыз да арал талаштан улам тез-тез чыңалып турган мамилеге Жапониянын Батыштын Орусияга каршы санкцияларын колдогону кошул-ташыл болгон.

Андан бери Орусия менен Жапония жакындашуу аракетин көрүп, орус президенти Владимир Путин декабрда Токиого барып келген. Эми орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу 20-марта жапон кесиптештери Фумио Кишида жана Томоми Инада менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Орус-жапон министрлеринин жолугушуусу, 20-март 2017-жыл.
Орус-жапон министрлеринин жолугушуусу, 20-март 2017-жыл.

Күн тартибиндеги маселелердин арасында Түндүк Кореянын тынчсыздануу жараткан ракета сыноолору да болду.

- Биз Түндүк Кореяны чагымчыл аракеттерден карманууга жана БУУнун резолюциясын сактоого чогуу үндөйлү деп чечтик. Ошондой эле Улуттар уюму баштаган аянтчаларда жакындан кызматташууга, алдыга жылууга жана чынчыл талкууларды өткөрүүгө макулдаштык,-деп билдирди жапон тышкы иштер министри Фумио Кишида.

Түндүк Корея бул айда төртүнчү ракетасын сынап, алардын үчөө Жапониянын деңиз аймагына түшкөн. Жапониянын негизги өнөктөшү саналган АКШ дүйнөдөгү эң жабык өлкөнүн бул аракетине жооп катары түндүк-чыгыш Азияга, анын ичинде Түштүк Кореяга ракетадан коргоонуу системасын алып келүүнү көздөйт.

АКШнын Жапониянын Окинава аймагындагы аскердик базасы
АКШнын Жапониянын Окинава аймагындагы аскердик базасы

Бул планды Орусия жактырбай турганын орус тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүлөрдөн кийин ишара кылды:

- Эгер Түндүк Кореядан келген коркунучка каршы чаралар тууралуу сөз болуп жатса, [АКШнын] ракетадан коргонуу системасын орнотушу жана бул регионго курал-жарактарды шыкоо аракети – абалга шайкеш келбеген реакция болуп саналат.

Ракета маселесинен тышкары Орусия менен Жапониянын ортосунда ондогон жылдардан бери чечилбей келаткан арал талашы бар. Хоккайдонун түндүгүндөгү аралдар тобун орус тарап Курил аралдары деп атаса, Жапония аларды өзүнүн түндүк территориясы деп кабылдап келет. Москва талаштуу аралдарды Жапония Дүйнөлүк Экинчи согушту уттурган учурдан бери көзөмөлдөйт. Арал талашуудан улам Орусия менен Жапония согуштун аяктаганын белгилеген тынчтык келишимине кол койбой калышкан.

Куриль аралдары
Куриль аралдары

20-мартта жолуккан министрлер бул багытта олуттуу макулдашууларга жетишкен жок. Жапониянын тышкы иштер министри Орусиянын аралдардагы аскердик аракеттерине тынчсыздануусун билдирди. Ошентсе да эки тарап аралдарда биргелешкен экономикалык долбоорлорду баштоо сунушун талкуулашты. Мындан тышкары кезинде бул аралдарды байырлаган жапон жарандарына каттамды жеңилдетүү маселеси каралды.

Жапония менен Орусиянын ортосундагы жер талаш Дүйнөлүк Экинчи согуштан мурда башталган. Анда орус жана жапон империялары Кытайдын түндүк-чыгышындагы үстөмдүк үчүн атаандашкан. 1904-05-жылдардагы орус-жапон согушунун Жапониянын пайдасына аякташы Орусиянын алыскы чыгышка жайылуусун басаңдаткан.

Тарыхтан энчиге калган бул сыяктуу маселелерди орус-жапон лидерлери жакында талкуулашмакчы. 20-марттагы жыйында жапон премьер-министри Синдзо Абэ апрель айынын соңунда Москвага бараары белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG