Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:40

Израил Ирандын аймагына абадан сокку урду


Тегеран. 26-октябрь, 2024.
Тегеран. 26-октябрь, 2024.

26-октябрдын таңында Израил армиясы (ЦАХАЛ) Ирандын аймагына абадан сокку урду. Бул Израилге бир жылдан бери Иран жана анын өнөктөштөрү тарабынан жасалып жаткан чабуулдарга жооп экени белгиленди.

"Биз Ирандын аскердик объектилерине таамай сокку урдук жана Израил мамлекетине түз коркунучтарды жок кылдык", - деди сокку урулгандан бир нече сааттан кийин Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари.

ЦАХАЛдын билдиришинче, израилдик учактар Ирандын ракеталар даярдалган объектисин, "жер-аба" классындагы жана башка максатта колдонула турган ракеталардын комплекси даярдалган жайды бутага алган.

Хагари Иран кайра сокку ура турган болсо, Израил жооп берерин айтты. Ирандык Tasnim басылмасы булагына таянып жазгандай, Иран Израилдин агрессиясына буга чейинкилердей эле жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Ирандын абадан коргонуу кызматы Израил өлкөнүн Тегерандагы, Хузестандагы жана Иламдагы аскердик объектилерге сокку урганын ырастады. Алардын айрымдары зыян тартканын, чыгымдын көлөмү эсептелип жатканын Tasnim жазды.

Ирандын куралдуу күчтөрү Израилдин кол салуусунан эки ирандык аскер каза болгонун билдирди.

Ислам сакчылар корпусу менен байланышы бар ирандык Fars маалымат агенттиги Тегерандын түштүк жана батыш тараптарындагы бир нече аскердик базага сокку урулганын маалымдады.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөргө караганда, аба соккулары Исфахан, Мешхед жана Күрдистан провинцияларына урулган.

Израил Сирияга да сокку урганын сириялык SANA мамлекеттик агенттиги билдирди. Абадан коргонуу системалары Сириянын борбордук жана түштүк жагындагы аймакка урулган ракеталардын бир канчасын атып түшүргөнүн, соккулардын келтирген зыяны такталып жатканын Al-Monitor агенттиги маалымдады.

Израил Сирияга урган соккулары боюнча маалымат берген жок, бирок көп жылдан бери бул өлкөнүн Иран менен байланыштуу болгон объектилерин бутага алып келет.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматы боюнча Израил сокку урардан мурда АКШга кабар берген. АКШ Иранды Израилдин соккуларына жооп бербөөгө чакырууда.

"Эгер Иран дагы бир жолу жооп кайтара турган болсо, биз даяр турабыз - Иранга мунун кайра кесепети болот. Бирок биз мунун орундалышын каалабайбыз. Бул Израил менен Ирандын түз ок чыгаруусунун соңу болушу керек", - деп АКШнын президенттик администрациясынын өкүлү айтканын басылма жазды.

Axios басылмасы булактарына таянып жазгандай, Израил үчүнчү өлкөлөр аркылуу Иранга сокку урарын эскертип, эгер жооп кайтара турган болсо, айрыкча жайкын тургундар жабыр тартса, “дагы бир күчтүү чабуул болорун” айткан. Басылманын маектеши Израил ушундай жол менен ортодогу тирештин тереңдешин алдын алып, жооптук соккуларды токтотусу келгенин айткан.

Sky News Arabia Орусия израилдик соккулардан бир нече саат мурда Иранга күтүлүп жаткан чабуул тууралуу маалымат берген. Булактар Москва муну менен эскалацияны басаңдатууну каалаганын билдирген.

Пентагондун сайтындагы билдирүүдө АКШнын коргоо министри Ллойд Остин израилдик кесиптеши Йоав Галант менен Иранга урулган соккуларды талкуулаган. Остин АКШнын Израилдин коопсуздугуна жана анын өзүн-өзү коргоо укугуна берилгендигин баса белгиледи. Билдирүүдө Жакынкы Чыгыштагы америкалык куралдуу күчтөр жогорку даярдыкта турганы жазылган.

Жергиликтүү убакыт менен таңкы саат бештерде Израилдин Иран аймагына багытталган аба соккусунун экинчи толкуну башталганы кабарланды.

Ирандын жапырт ракеталык чабуулунан 26 күн өткөндөн кийинки Израилдин жооп чабуулу эки мамлекеттин ортосунда толуккандуу согуштун чыгып кетүү коркунучун жаратты. Израилдин болжолдуу чабуулунун алдындагы талкууларда АКШ ирандык өзөктүк объектилерге жана мунай инфраструктурасына сокку урбоого чакырган.

XS
SM
MD
LG