Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:56

Кот-д'Ивуарда (Пил Сөөгүнүн Жээги Жумуриятында) кош бийлик


Алассан Уаттара өзү өткөргөн ант берүү аземи учурунда сүйлөөдө. 4-декабрь, 2010-ж.
Алассан Уаттара өзү өткөргөн ант берүү аземи учурунда сүйлөөдө. 4-декабрь, 2010-ж.

Батыш Африканын Кот-д'Ивуар жумуриятында президенттик шайлоодон соң бул кызматты эки талапкер талашып жатат. Кызматка киришүү жөрөлгөсүн ар бири өз-өзүнчө өткөрдү. Африка Биримдиги бул саясий тиреш орду толгус кесепеттерге алып баруусу мүмкүн экендигин эскертүү менен Кот-д'Ивуарга арачысын жөнөттү.

Кот-д'Ивуардагы (Пил Сөөгүнүн Жээги Жумуриятында) саясий кризисти жөндөөгө жардам берүү үчүн кечээ (жекшембиде) ал жерге Түштүк Африканын мурдагы президенти Табо Мбеки келди.

Анын алдында ишемби күнү Батыш Африканын бул океан жээгинде өлкөсүндө президент катары бир эле учурда, бирок өз өзүнчө эки адам ант берди.

Кот-д'Ивуардагы шайлоонун экинчи айлампасы 28-ноябрда болгон. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы экинчи айлампанын жеңүүчүсү катары оппозиция талапкери Алассан Уаттараны жарыялаган.

Бирок кайра Кот-д'Ивуардын Конституциялык соту шайлоо комиссиясынын тыянагын жокко чыгарып, маселени учурдагы президент Лоран Гбагбонун пайдасына чечкен.

Сот өз чечимин добуш берүүнүндө жүрүшүндө козголоңчулар тарабынан коркутуулар болгон, санак учурунда добуштар бурмаланган деген жүйөөлөргө негиздеди.

Натыйжада Алассан Уаттара кичи мекени жана колдоочулары көп түндүк аймактардан алган жүз миңдеген добуштар жараксыз деп табылды.

Эл аралык коомчулук оппозиция талапкеринин жеңишин тааныган

Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы Улуттар уюмунун Кот-д'Ивуардагы тынчтык сактоо миссиясы тарабынан ырасталган эле.

Миссия бурмалоолор жөнүндөгү фактылар чын чыккан күндө деле, ал шайлоонун жалпы жыйынтыгын өзгөртө албасын белгилеген.

Бир катар чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар, анын ичинде АКШ, Европа Биримдиги жана Африка Биримдиги оппозиция талапкери Аласан Уаттараны жеңүүчү иретинде таанышкан.

Бирок учурдагы президент Лоран Гбагбо ишемби күнү дагы бир мөөнөткө кызматка киришүү каадасын өткөрүп жатып, чет өлкөлөрдү өз ишин кылууга, Кот-д'Ивуардын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды жана БУУнун миссия башчысын өлкөдөн чыгып кетишин талап кыларын эскертти.

Бийлик талашкандардын бири өкмөт башчысын дароо эле дайындады

Өлкөнүн мусулмандар басымдуулук кылган түндүгүнөн чыккан Алассан Уаттара болсо ант берүү аземин БУУнун аскерлери кайтарган мейманканада өткөрдү.

Параллел өкмөт түзөрүн белгилеп, жердеши, премьер-министрдин кызматынан жаңы эле чегинген Гийо Сорону кайра өкмөт башчылыгына дайындаганын ал дароо эле жар салды:

- Элге айтым койгум келет: мен сиздин премьер-министрлик кызматыңызга таянам жана учурдун иштер үчүн дароо жоопкерчиликти алып, мага жаңы өкмөттүн курамын тез арада сунуш кылууңузду өтүнөм.

Дүйнөдө какаонун эң ири өндүрүүчүсү болгон Кот-д'Ивуар бир кезде аймактагы туруктуулуктун үлгүсү катары эсептелүүчү.

Өлкө 1993-жылы биринчи президент Феликс Уфуэ-Буаньи дүйнөдөн кайткандан бери ички чатактардан башы чыкпай келет.

Түндүк-түштүккө бөлүнгөн өлкө

2002-2003–жылдары президент Гбагбонун өкмөтүнө каршы козголоң өлкөнү өз ара атаандашкан түндүк–түштүккө бөлүп салган.

2007-жылы бийлик ич ара бөлүштүрүлгөн өкмөт ишке киришкен болчу.

Ноябрдагы шайлоо өлкөнү бириктирет жана туруктуулукту алып келет деп күтүлгөн. Бирок кырдаал чыңалган бойдон калууда.

Кот-д'Ивуардын чек аралары жана аба мейкиндиги жабылды.

Ири шаар Абижанда коменданттык саат киргизилди.

Акыркы бир апта ичиндеги кагылыштар менен түнкү атышуулардан алты адам каза тапты.

БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мун тирешүү уланып жатканына өз тынчыздануусун билдирсе, Африка Биримдиги бул кырдаал алдын-ала эсептөөгө болбой турган олуттуу кесепеттерге алып баруусу мүмкүн экенин эскертүүдө.

Көптөр эгер Африка Биримдигинин арачысы, Түштүк Африканын мурдагы президенти Табо Мбеки кризисти жөндөөнүн жолун таба албаса, Алассан Уаттаранын түндүктөгү жактоочулары куралдуу көтөрүлүшкө чыгат деп чоочулашууда.

XS
SM
MD
LG