Баш калаа Багдаддын түндүгүндөгү Тажи аскердик базасына ракета менен урулган соккудан бир британиялык, бир америкалык аскер мүрт кетти. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги АКШдагы расмий адамдарга таянып жазды. Кабарларга караганда, ондогон аскерлер жарадар болду. Алардын айрымдарынын абалы оор болгондуктан, курмандыктардын саны мындан да көп болуп чыгышы мүмкүн экени айтылууда.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен сүйлөшүп, тараптар «чабуул койгондор жоопкерчиликке тартылыш керек экенин» белгилешкенин Мамлекеттик департамент билдирди.
Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан базаларга Иран январь айында сокку урган. Анда жүздөн ашуун аскер жабыркаганы маалым болгон.
Тегеран базага коюлган чабуулду генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу акциясы деп атаган. «Кудс» тандалма бөлүгүнүн командачысы 3-январда Багдаддын четинде америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.