Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Иран атып түшүрүлгөн учактын «кара кутуларын» Украинага берет


Учактын калдыктары. 8-январь, 2020-жыл. Тегеран.
Учактын калдыктары. 8-январь, 2020-жыл. Тегеран.

Ирандын Жарандык авиация боюнча агенттиги Тегеранда атып түшүрүлгөн украиналык учактын «кара кутуларын» Киевге берүүгө макул болду. Бул тууралуу ирандык дипломат билдирди. Тегеран ошондой эле бардык кызыкчылыгы бар мамлекеттерди кутулардагы маалыматтарды алып чыгуу процессине катышууга чакырарын Эл аралык жарандык авиация уюмундагы Иран делегациясын жетектеген Фархард Парвареш билдирди.

Иранда 8-январда украиналык учак атып түшүрүлүп, ичиндеги 176 адамдын бары каза тапкан. Иран аскерлери аны «кокусунан атып алышканын» айтышкан. Андан мурдараак Тегеран Ирактагы америкалык аскерлер жайгашкан базаларга ракеталар менен сокку урган.

Тегеран базага коюлган чабуулду генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алуу акциясы деп атаган. «Кудс» тандалма бөлүгүнүн командачысы 3-январда Багдаддын четинде америкалык дрондун соккусунан каза тапкан.

Ирандын жетекчилиги «кара кутуларды» Украинага берүүдөн эки ай баш тартып келген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG