* * * * *
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура.
* * * * *
Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап дарга асмак болот.
Аянтта эл додо.
Салаңдап турга сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси:
- Акыркы өтүнүчүңдү айтып кал, - деп кайрылат.
- Бир гана суранычым бар, - дейт Апенди. - Мени ассаңар да белимден аскылачы, анткени мойнумда кытыгым бар эле...
* * * * *
Апенди досу менен Америкадагы илимий жыйынга катышып калышат.
Америкалыктар:
- Жакында Марска учабыз.
Германиялык илимпоздор:
- Биз Айды изилдеп жатабыз.
Апенди туруп:
- Биз жакында Күнгө учканы жатабыз, - дейт.
Баары таң калып туруп калса, Апенди камырабай кошумчалап коёт дейт:
- Биз шашпа-ай Күн салкындаганда барабыз.
* * * * *
Апендинин бала чагы.
Ал мектептен келгенде тумагы ылай болуп калганын көргөн апасы:
- Айт, эмне болду?
- Балдар тумагымды алып футбол тобу кылып ойношту.
- Сенчи? Сен эч нерсе кылган жоксуңбу?
- Мен жөн эле дарбазачы болуп турдум...
* * * * *
Негизги булак: http://www.facebook.com/pages/КЫРГЫЗЧА-АНЕКДОТ/
ТЧ.