Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Ата-эне эстеп калган азилдер


Ата-энелер өз балдарынын тапкычтыгына таң калышат, ыраазы да болушат. Кээде болсо... Айтор, окуп көрүңүздөр.

* * * * *

Кулакты оорутуу үчүн керек

Кыш күрөө учур. Чана тебүү камылгасы кызуу жүрүп жатат. Апасы тестиер баласына кол зекип, пальтодон оболу тез арада жылуу тор кийимин кийишин талап кылат.
- Деги, түшүнөсүңбү өзүң, жылуу тор кийим деген эмне үчүн керек?
- Ал деген кийип атканда кулакты кысып оорутуш үчүн керек.

* * * * *

Папалак эмненин баласы?

Бермет өз кызынын жоругуна маашырланды.
- Бир жолу тестиер кызыма айбанаттын балдарын кантип кыргызча атай турганыбызды айтып, четинен жаттата баштадым: койдун баласын козу дейт, уйдун баласын музоо дейт, түлкү баласын бачики дейт, бөрү баласын бөлтүрүк дейт, ал эми айуу баласын мамалак дейт...
- Мамалак, мамалак! Хи-хи!... Ал эми папалак кайсы айбандын баласы?

* * * * *

Кинону бүтүрүп алайын

Апасы кызына кайрылат:
- Кызым, башканы коюп үй тапшырмаңды окусаң боло?
- Кино көрүп алайынчы, апа.
- Аның бүткөнчө кеч болуп кетпейби!
- Өзүңүз накыл кеп айтпадыңыз беле: “окууга эч качан кеч болбойт” деп.

* * * * *

Балаң жетилдиби?

Ата-эненин кулагына күмүш сырга: эгерде чүрпөңүз туулган күнүнө кандай белек күтөөрү тууралуу суроого: “Мага акчалай эле берсеңиздер” деп жооп узатса, анда чүрпөңүз эрезеге жетиптир дей бериңиз.

* * * * *

Жакшы жатак тапкан экен

- Университетке өткөн уулуң батир издеп жүрдү дедиң эле, деги жакшы жай тааптырбы?
- Ооба. Айтымында, дурус эле го. Сураштырсам, тапкан батири пивоканадан 2 мүнөт алыстыкта, сүйлөшүп жүргөн кызынан 5 мүнөттөй, ал эми университеттен 2 сааттай алыстыкта экен.

* * * * *
ТЧ.
XS
SM
MD
LG