Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Смартфон омуртканын "душманы"


Социалдык тармактарда сааттап отуруу саламаттыкка зыян.
Социалдык тармактарда сааттап отуруу саламаттыкка зыян.

Смартфон жана уюлдук телефондорду тынымсыз колдонуунун адам саламаттыгына зыяны тууралуу эл аралык басылмаларда байма-бай жарыяланып келет.

Бирок жакында эле Surgical Technology International илимий журналы бул багыттагы жаӊы изилдөөнү жарыялады. Анда узак убакыт бою смартфондон интернетти чукуп отурган кишилердин моюнундагы омурткасы оор зыян тартары маалымдалган.

Кишинин башы орточо 4 килограммдан 5,5 килограммга чейин болот. Эгерде моюнду алдыга узак убакыт бою кыйшайтып турса салмак улам артып, 27 килограммга чейин жетиши ыктымал дейт Нью-Йоркто жашаган хирург Кеннет Хансрадж. Ал компьютерден адамдын омурткасынын үлгүсүн жасап, аны атайын тажрыйбадан өткөргөн. Адам башын канчалык салаӊдаткан сайын ошончолук моюн омурткасына күч келет. Башты 15 градуска кыйшайтуу 12,2 килограммдык жүктү моюнга илгенге барабар, ал эми 30 градус кыйшайтуу 18 килограммдык жүккө теӊ.

"Мындай кыйшайтуу моюн омурткаларына залал келтирип, омурткаларды бириктирген кемирчектер үзүлүп кетиши ыктымал",- дейт америкалык хирург Хансрадж өз макаласында.

Акыркы мезгилде акылдуу телефондор, же смартфондор менен планшеттердин адам саламаттыгына тийгизген зыянына байланыштуу бир топ изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. Бирок Кыргызстандагы адистерге кайрылганыбызда, алардын радиациялык зыяны же жалпы адам саламаттыгына болгон таасири бизде али изилдене электигин айтышты.

Инсультка кимдер жакын?

Нидерландиялык окумуштуулар жогорку билимдүү адамдардын эс-тутуму барган сайын начарласа, инсультка чалдыгуу коркунучу артарын аныкташты.

Изилдөө Stroke журналында жарык көрүп, ага 20 жыл бою Роттердам шаарынын 55 жаштан улуу 9 миӊ тургуну катышкан. 2014-жылга чейин алардын 39 проценти инсультка чалдыкканы байкалган.

Окумуштуулар инсультка кабылгандардын дээрлик бардыгы мурда эс-тутуму начарлаганын билдиришкенин айтышты. Инсульт коркунучу айрыкча жогорку билимдүү, илимий кызматтарда иштегендердин арасында көбүрөөк болгон.

Эрасмус университетинин нейроэпидемиологу, профессор Арфан Икрам билим алуу мээдеги дементия сыяктуу ооруларды алдын алуучу жакшы фактор дейт.

Кош бойлууларга зомбулук токтобой келет

Испаниялык окумуштуулар кош бойлуу аялдардын 21 проценти эмоционалдык зомбулукка учуроодо деген тыянак чыгарышты.

Көп аялдар үчүн кош бойлуулук доор бактылуу учур катары каралганы менен Испанияда эмоционалдык зомбулукка учуруган аялдардын саны көп бойдон калууда. Ал эми изилдөөгө алынган 779 аялдын 3 проценти күйөөсүнүн ур-токмогун жегенин моюндашкан.

Гранада университетинин илимпоздорунун айтымында, кош кабат кезде соккуга кабылуунун болочок бала үчүн натыйжасы оор болот.

Согуш балдардын өмүрүн кыскартууда

Ирактагы согуштун айынан өспүрүмдөрдүн өлүмгө учуроосу 30 процентке жогорулады дешет Лондондогу Экономика жана саясий илимдер мектебинин окумуштуулары.

1997-2003-жылдары ар бир миӊ баладан 70 болсо, 2010-жылы бул көрсөткүч 95 болду. Изилдөөнүн жетекчиси Валерия Цетореллинин айтымында, айрыкча 15-19 жаштагы кыздар согуштун айынан ар кандай зомбулукка учурап жана эрте турмуш кургандан улам өлүп жатышат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG