Атым Раида, мындан алты жыл мурун турмушумду тобокелге салып, чакан чемоданымды сүйрөп, Германияга жөнөдүм эле. Азыр Гамбург шаарында турам. Алты жылдан бери жумуш, окуу деп жүрөм. Бул жактагы жашоонун мыкты шарттарын көрүп, ушунун баары Кыргызстанда болсо гана аттиң деп калам кээде. Бир чети ушунун баарын эмне үчүн мен өз өлкөмө жасай албайм деп ойлонуп, көп кыялданчу болдум. Анын баарын силер менен бөлүшөйүн, окурмандар.
Жанталашкан жумуш, окуу жана кыялдар
Мен дагы четтеги башка студенттердей эле окуу менен жумушту чогуу алып жүрөм. Таңкы саат беште кондитердик азыктарды чыгарган ишканада иш башталат, андан чыгып эле университетке шашам. Айтор кечке жаным тынбай жүрүп, кечкисин уктаар алдында Кыргызстаным жөнүндө кыялданганды адат кылып алдым.
Кыялымда кымыз жыттуу кыргыз жигитке турмушка чыгып, өз өлкөмдө ата-энелер жана балдарга арналган мектеп ачып алгам. Ал мектепте Германияда социалдык педагогиканы үйрөнгөн курбуларым да иштеп жүрүшөт. Биздин мектептин артыкчылыгы - ата-энелерди да окутабыз. Балдарга англис, немис тилин, алардын маданиятын, этика, айтор четте окуган жаш адистер баарын үйрөтүп жүрөбүз. Жолдо жүрүүнүн эрежелери, театрда өзүн алып жүрүү маданияты, китепканаларга жана музейлерге саякаттар кошо камтылат. Экскурсияларга чыгабыз. Аларга сапаттуу оюнчуктарды беребиз, балдардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, баарлашуу, дос күтүү, топтор менен иштөө, жоопкерчилик, жаныбарларга аяр мамиле жасоо, керек болсо балык, коен бакканды да үйрөтөбүз.
Балдар туулган күндөрдө немис элинин жөнөкөй токочторун жасай алышат. Ошондой эле гимнастика башкы орунда турат, алар бассейнде сүзүп, велосипед тепкенди үйрөнүшөт. Ата-энелерди болсо жумасына бир жолу чогултуп, балдардын психологиясы, аларга өткөөл убакта кандай мамиле жасоону, туура тарбия берип, педофилдерден кантип коргоо керектигин, туура тамактануу, телевизор, компьютердин пайда-зыяны, айтор көп кырдуу, өтө пайдалуу кеңештерди беребиз. Кээ бир балдардын ата-энеси ажырашкан болушу мүмкүн, айрымдары жалгыз бала, кээлери байдын уулу, бирөөсү колунда жок бүлөнүн баласы, айтор ошонун баарын эске алып, аларга туура мамилени үйрөтөбүз. Эң башкысы балдарды өз мекенин, тилин сүйүп, ошол эле убакта башка тилдерди үйрөнүп, толеранттуу, гумандуу болууга, тазалык жана тактыкка, өз саламаттыгына көңүл бурууга, жоопкерчиликке үндөйбүз. Айтор, мына ушундай мекемени куруп, ата-энелерди жана балдардын келечегине чоң салым кошуп, алардын бактылуу жүздөрүн көрүп, арасында жүзүмдөгү жылмаюуну жашыра албай мен да жүрөм.
Өлкөгө салымым ушул болду деп өзүмчө жарандык милдетими аткаргандай сезип, бул жараянды бүт өлкөгө жайылтам деп дагы максат коем. Кыскасы, Германиядагы бала тарбиялоонун эң жөнөкөй ыкмаларын кыргыз тестиерлерге үйрөтсөм деген аруу тилек. Бирок мунун баары менде азырынча кыял бойдон калууда, колумда бул идеяны ишке ашырчу акчам да жок. Бирок ушул кыялдар мени бир саамга бактылуу кылат.
Эртеси күндөгүдөй эле Гамбургдун жамгыры төгүп аткан таңда жумушка, андан чыгып жан талашып сабакка жөнөмөй, ал эми мекеним жөнүндө кыялдарымды токтогон жерден кечинде кайра улап кете берем....
“Азаттыктын” ар дайымкы окурманы Раида Баймонкоева, Германия, Гамбург шаары.