Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Грузия: камоолор жана камтамачылыктар


Камакка алынган мурдагы ички иштер министри Бачо Ахалая ортодо. 7-ноябрь, 2012-жыл.
Камакка алынган мурдагы ички иштер министри Бачо Ахалая ортодо. 7-ноябрь, 2012-жыл.

НАТО баш катчысы Грузиядагы шайлоодон кийинки окуяларга “өзгөчө тынчсыздануусун” билдирди. Тынчсыздануу президент Михаил Саакашвилинин айрым санаалаштары камалып, алардын үстүнөн кылмыш иштери ачылып жаткан учурда айтылды. Жаңы бийлик болсо өз аракеттерин “мыйзамдуулукту” орнотуу катары мүнөздөөдө.

Грузия октябрдын башындагы парламенттик шайлоону абдан үлгүлүү өткөргөнүн баса белгилеген НАТО баш катчысы Андерс фог Расмуссен бирок аны өлкөдөгү соңку окуялар камтамага салып жатканын Прагада, НАТОго мүчө мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын жыйынында сүйлөгөндө айтты:

- Шайлоодон кийин биз күбө болуп жаткан окуялар менде өзгөчө тынчсыздандыруу жаратканын жашыргыдай жүйө жок. Бул - Грузияда саясий атаандаштардын жакында камалышы менен эле байланыштуу эмес. Ал иштердин чоо-жайын тактоо - Грузиянын укуктук системасынын, сот системасынын милдети. Бирок бул иликтөөлөр саясий кийлигишүүсүз жүрүүсү абзел. Албетте биз буга абдан жакындан байкоо салып турабыз.

НАТО баш катчысынын жогорудагы сөздөрүн утурлай Грузияда сот прокурорлордун мурдагы ички иштер министри Бачо Ахалаяны тергөө учурунда камакта кармоо сунушун колдоду.

Мурдагы ички иштер министрдин жактоочуларынын пикети. Тбилиси, 9-ноябрь, 2012-жыл.
Мурдагы ички иштер министрдин жактоочуларынын пикети. Тбилиси, 9-ноябрь, 2012-жыл.
Ахалаядан тышкары өткөн аптада грузин армиясынын Генштабынын башчысы Георгий Каландадзе, Коргоо министрлигинин 4-бригадасынын мурдагы колбашчысы, генерал Зураб Шаматава камакка алынышкан.

Бирок эки генерал кепил өткөндөрдүн жардамы менен тергөө мезгилинде камактан бошотулушту.

Мурдагы ички иштер министри жана армиянын эки генералы кызматынан кыянат пайдаланган деп айыпталышууда.

Алар Грузиядагы бийлик жаңы саясий күчтүн колуна өткөндөн бери мурдагы бийликтин үстүнөн кылмыш иши ачылган алгачкы өкүлдөрү болуп калышты.

1-октябрдагы парламенттик шайлоодо жеңген “Грузин кыялы” коалициясынын лидери, азыр премьер-министрдин кызматын аркалап жаткан Бидзина Иванишвили мурдагы бийликтин мыйзам бузган өкүлдөрүнө каршы чара көрүлөрүн шайлоо өнөктүгү учурунда, кийин да убада кылган болчу. “Грузин кыялынын” лидерлери алгачкы камоолордун саясий жүйөсү бардыгын четке кагышкан.

Премьер-министр Иванишвили укук коргоо органдарынын аракетин мыйзам жана тартип орнотуу деп түшүндүрдү.

Саакашвилинин санаркоосу

Президент Михаил Саакашвили болсо санаалаштарынын камалышын камтамачылык менен кабыл алды.

Ал НАТО Парламенттик ассамблеясынын Прагадагы жыйыны учурунда “Азаттык” радиосунун кабарчысынын жаңы бийлик анын мурдагы кызматташтарына карата көрүп жаткан чараларды “саясий өч алуу катары эсептебейсизби?” - деген суроосуна буларды айтты:

- Биздин башкы милдетибиз –укуктук процедурага ээ болуу. Башкача айтканда сөз тигил же бул адамдын күнөөлүү же күнөөлүү эместиги жөнүндө эмес, мыйзам үстөмдүгү, талаптагыдай укуктук процедура тууралуу жүрүшү керек. Бул көз караштан караганда, албетте, бизде көп проблема бар. Биз бул алдыда оңдолот, кайра туура нукка түшө деп үмүттөнөбүз. Азыркы баскычта болсо менимче, НАТО баш катчысынын айткандары, ал олуттуу тынчсыздануусун билдиргени абдан негиздүү.

Саакашвилинин “Бириккен Улуттук кыймыл” партиясы азыр грузин парламентинде азчылыкты түзүп калган.

Өткөн аптада фракция депутаттары парламент залын таштап чыгып кетишкен. Фракция төрагасы Давид Бакрадзе алар парламент ишин бойкоттоо аркылуу өкмөттүн аракеттерине, анын ичинде Генштабдын башчысы камакка алынышына нааразылык билдирип жатышканын айткан.

Грузин Конституциясына киргизилген соңку өзгөртүүлөргө ылайык, президент Саакашвили келерки жылдагы президенттик шайлоого чейин өз ыйгарым укуктарын сактап кала берет. Шайлоодон кийин президенттин бийлик ыйгарымдарынын көбү премьер-министрге өтөт.

Бирок “Грузин кыялы” коалициясы президенттин бийлигин ага жеткирбей эле кыркууга аракеттенип жаткандай. Маселен жаңы өкмөттүн мыйзам жаатындагы айрым демилгелери мына ушуну каңкуулоодо.

Буга чейин жарыялангандай, парламентке губернаторлорду президент эмес, өкмөт дайындоосун караган мыйзам сунуш кылынат. Мындан сырткары президентти жана Жогорку Сот төрагасын сотторду дайындоочу кеңештин мүчөлөрүн дайындоо укугунан ажыратуу да сунуш кылынууда.

Президентке баш ийүүчү Улуттук коопсуздук кеңешинин келерки жылкы бюджети бир нече эсеге кыскартылып жатат.

Атүгүл премьер-министр Иванишвили жакында Саакашвилиге тейлөөнүн кымбаттыгына байланыштуу президенттик сарайды бошотуп, Тбилисидеги мамлекеттик канцелариянын бир бөлүгүнө көчүүнү сунуш кылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG