Деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте турган Кан-Ачуу коругуна 20 фотокапкан коюулган. Эки айдын ичинде ага ак илбирстен сырткары жапайы жаныбарлардын жети түрү тартылып калган. Фотокапкан БУУ өнүктүрүү фонду жана Глобалдык экология фонду тарабынан берилген.