Кыргызстанда салтка айланган "Оймо" фестивалы башталды. 26-июлда Бишкекте ачылган бул фестиваль азыр Ысык-Көлдүн Чопон-Ата шаарында уланууда. (Тимур Токтоналиевдин сүрөт баяны)
"Оймо" кулач жаюуда

1
Оштон келген чеберлер кыргыздардын унутулуп бараткан дүрүя жоолук, же келяп баш кийимин көрсөтүүдө.

2
"Оймо-2013" фестивалына быйыл Ооганстандан, Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан келген чеберлер менен кошо кыргыз уз-усталары да катышууда. Сүрөттө: ооган чеберлеринин эмгектери.

3
Ооган чеберлери булгаарыдан көп буюмдарды жасайт.

4

5
Кыргыз кол өнөрчүлөрү майда белек-бечкек, аксессуарлардан тарта эркек жана аялдар үчүн кийимдерди, шырдак жана ала кийиздерди алып чыгышты.

6
Жарманкеде зер буюмдарды саналуу гана чатырда көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.

7
Жарманке VIII Эл аралык “Оймо” фестивалынын алкагында өттү. 29-июлдан 4-августка чейин ал Чолпон-Ата шаарында уланат.

8
Өнөрчүлөр жарманкеде нукура улуттук кийимдерди жана улуттук оймолор менен тигилген заманбап кийимдерди тартуулашты.

9
Жарманкеде эң көп кыргыз жана өзбек продукцияларын көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.

10
Өзбекстанда тигилген баш кийимдер.

11
Өзбек кол өнөрчүлөрү жараткан баштыктар.

12

13
Самарканддык усталардын колунан чыккан чопо идиш-аяктар.