Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Электр кубаты: Тарифтер талашта


Президент Садыр Жапаров премьер-министр катары 2020-жылдын 9-ноябрында «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» ишканасына барган эле. Сөз электр кубатынын жаңы булактарын иштеп чыгуу тууралуу болгон.
Президент Садыр Жапаров премьер-министр катары 2020-жылдын 9-ноябрында «Жогорку-Нарын ГЭС каскады» ишканасына барган эле. Сөз электр кубатынын жаңы булактарын иштеп чыгуу тууралуу болгон.

8-февралда Караколдун тургундары электр энергиясынын кымбаттыгына нааразы болуп чогулушту. Алар 2015-жылы убактылуу киргизилген 2 сом 16 тыйындык тарифти жоюп берүүнү талап кылып, абоненттерге берилип жаткан электр кубатынын сапаты төлөмгө туура келбейт деген пикирин айтышты.

Кыргызстанда жыл сайын электр кубатын пайдалануу 4-6% көбөйүүдө. Бирок аны өндүрүү өскөн жок. Бул электр тартыштыгын жаратып жатат. Ошол эле кезде анын баасы боюнча да талкуу уланууда.

Диляра Нарметова Каракол шаарынын активисти. Пенсионер түрдүү маселелер менен кайрылып келген тургундарга да жардам берип келет. Анын айтымында, акыры жылдары, өзгөчө кыш айларында, электр кубатынын сапатына, айрыкча баасына да нааразы болгондор арбыды:

«Шаар тургундары көпчүлүк учурда кайрылып, электр жарыгынын сапаты начар деп жатышат. Аны мен өзүм деле баамдап, көрүп турам. Мындан эки жыл мурун биз комиссия түзүп, шаарды кыдырып, электр жарыгынын кубаттуулугун текшергенбиз. Анда кээ бир жерде 220 эмес, 140-150 болуп жатканын каттаганбыз. Текшерүүнун жыйынтыгын тийиштүү органдарга өткөрүп бергенибиз менен жыйынтыгы болбогонун азыр да көрүп турабыз. Мен өткөндө өзүм дагы үйдөгү болгон техниканы өчүрүп чыктым, анткени свет араң эле үрүл-бүрүл күйүп аткан. Текшерсек, убадаланган 220 вольт эмес, 140 вольт гана берилип жатыптыр».

Электр кубатынын күчүнө нааразы болгон караколдуктар шаардык мэрияга чогулушту. Алар 700 киловаттан ашканда 2 сом 16 тыйындан төлөп жатышканы менен, көрсөтүлгөн кызмат бул баага дал келбей жатат, деп айтышты.

Пенсионер Сулейман Усенов 5 миң сом пенсия менен жашайт. Анын айтымында, кыш айларында электрге төлөм 8 миң сомдон кем болбойт:

«Свет араң эле күйөт, тамак-аш жасап, чай кайнатканда кубаттуулугу жетпей каларын байкайм. Биз кошуналарыбыз менен акча чогултуп, трансформатор сатып алып, орнотконбуз. Бирок, ал да жардам берген жок. Аялым 6 миң, мен 5 миң пенсия алам. Анын 8 миңи кышында светке кетет. Андан тышкары башка коммуналдык төлөмдөр бар. Кара курсакты да тойгузбасаң болбойт. 2 сом 16 тыйын өтө эле кымбат. Негизи бул тарифти убактылуу деп киргизишкен эле. Эми дагы кымбаттатабыз дегени кандай?».

Караколдуктар электр энергиясынын тарифине нааразылык билдирип, президентке кайрылуу жасап жатышат. Активист Замира Оторбаева социалдык тарифти киргизип жатканда шаар жергесинде турган үй-бүлөлөрдүн шарты дыкат каралбай калган деди:

«Нарын облусуна 1000 киловатт берилген, башка аймактарга болсо 700 киловаттан ашаары менен 2 сом 16 тыйындан эсептелет. Бирок бул аймактарга бөлүү, элди дискриминациялоо болуп калган. Шаар жергесинде биз электр жарыгы менен гана жан багабыз, кышында өтө кымбат болуп кетип атат. Ошондуктан, президентке кайрылалы деп атабыз. Анда президенттен тарифти арзандатууну же болбосо Нарын облусундагыдай кылып биздин лимитти да 1000 киловаттка теңеп берүүнү суранып атабыз. Мисалга, айыл жергесинде 700 кВтга жетпей калышы мүмкүн, себеби алар от жагып, үйүн жылытып алат. Шаардыктар болгон күчтү светтен чыгарабыз».

Каракол шаардык электр тармактары бөлүмүнүн башкы инженери Ринат Шаршеев азырынча электр кубатынын күчү боюнча көйгөйлөр жаңы конуштарда гана бар деп бизди ынандырууга аракет жасады.

«Биздин Каракол шаарында өз кубаттуулугунан аша иштеп жаткан трансформаторлор деле жок. Шаардын чет жакасындагы жаңы конуштарда курула элек линиялар, атайын электр зымдары жетишсиз. Бирок аларда абал жакшы эле. Шаардын ичин алып карасак, электр кубаты нормага ылайык эле берилип жатат».

Эксперттердин айтымында, жергиликтүү элдин бул талабын ишке ашыруу оор.

Энергетика жана макро экономика боюнча эксперт Жаныбек Оморов жаңыдан президент болгон Садыр Жапаровдун шайлоо алдында электр кубатына болгон бааны төмөндөтүү тууралуу берген убадасын жөн гана саясий кадам катары баалап, буларга токтолду.

«Биздин Кыргызстанда суу көп, электр арзан болушу керек, деген ой туура эмес. Биздин электр станциялар илгери курулган, эгер дагы жаңыларын куруп, ишке бере баштасак, анын баасы кымбатташы керек болуп калат. Мындан улам азыркы тариф жогорулайт. Эл аралык эксперттер азыр элге берилип жаткан 700 киловатт дагы көптүк кыларын айтып, бул киловаттарды азайтуу керек деп жатышат. Балким жай айларында азайтылышы керек. Тариф арзандаган сайын электрди пайдалануу күчөп, абал мындан да кыйын болот. Эгер өкмөт ошончолук эле бааларды төмөндөтөбүз десе альтернативдүү ресурстарды таап, дефицитти жабуу жолун карашы зарыл. Азыр биздин бюджет ансыз да алсыз, свет эмес башка социалдык төлөмдөргө жетишпей турганын көрдүк, ошондуктан тарифтин түшкөнү кыргыз коомчулугуна эч пайда алып келбейт».

Эксперт пикирин андан ары минтип улантты:

«Негизи энергетика тармагынын маселеси күндөн күнгө оорлоп баратат. Биз бул тармакты саясаттан сырткары бөлүшүбүз керек, болбосо ар бир эле саясатчы бул тармакты шайлоо алдында саясий курал катары колдонуп келет. Мындай көрүнүш биздин гана өлкөдө болуп жаткан жери жок, бул дүйнөлүк практика. "Светти арзандатам" деген сөз бул маселени чечпейм деген сөз. Көз карандысыз тариф комитетинин көзөмөлүнө берсек, электр баасы эксперттердин сунушу менен каралып, энергосектордун өнүгүшүнө жол ачылат».

28-декабрдан тарта «Түндүк электр» компаниясы үч фазалуу электр кубатын киргизүүгө уруксат берүүнү токтоткон. Чектөө 1-апрелге чейин улантылат.

Жыл сайын Кыргызстанда болжол менен 15 млрд. кВт/с жакын электр кубаты иштелип чыгат. Электр кубаты базарындагы мамлекеттик монополист болгон Улуттук энергохолдингдин маалыматына караганда, жыл сайын өлкөдө электр кубатын пайдалануу 4-6% көбөйүүдө. Бирок аны өндүрүп чыгаруу бир чекиттен ары көтөрүлө элек.

XS
SM
MD
LG