Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Борбор Азиянын үч өлкөсүн туташтырган энергошакек деген эмне?


Борбор Азиянын үч өлкөсүн туташтырган энергошакек деген эмне?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:30 0:00

25-январда үч өлкөдө: Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда электр энергиясынын иштөөсү масштабдуу аварияга кабылды. СССР учурунда бул система кубаттуу транзиттик электр линияларына (энергетикалык шакекчеге) бириктирилген. Иш жүзүндө бир өлкөдө авариялык өчүрүү болсо, жогорудагы система жардамга келмек.

25-январда үч өлкөдө: Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстанда электр энергиясынын иштөөсү масштабдуу аварияга кабылды. СССР учурунда бул система кубаттуу транзиттик электр линияларына (энергетикалык шакекчеге) бириктирилген. Иш жүзүндө бир өлкөдө авариялык өчүрүү болсо, жоргорудагы система жардамга келмек. Бул Борбор Азиянын өлкөлөрү. Алар бири-бири менен жалпы чек аралары аркылуу гана байланышпастан, бирдиктүү энергетикалык системага да ээ. Жөнөкөй тил менен айтканда, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан кубаттуу транзиттик электр линияларына (энергетикалык шакекчеге) бириктирилген. Кээде Энергошакекчеде үзгүлтүк болуп, бүтүндөй система электр энергиясыз калат. Электр жарыгын кайрадан алуунун жалгыз жолу - өлкө тез арада бирдиктүү түйүндөн өчүрүп, өзү өндүргөн электр энергиясына өтүшү керек. Эгерде өлкө өзүн электр энергиясы менен камсыздай алса, анда Энергошакекченин эмнеге кереги бар? Бүгүнкү күндө бул камсыздандыруу үчүн керек. Эгерде бир өлкөдө авария болуп же электрди керектөө кескин өсүп кетсе, бирдиктүү система жардамга келип, коллапска жол бербейт. Буга кошумча айрым станциялар жалпы иште чоң ролду ойнойт. Алар бүтүндөй региондогу электрдин керектүү жыштыгын камсыздап турат. Мисалы, бул системадагы эң чоң оюнчу – Кыргызстандын Токтогул ГЭСи. Региондогу өлкөлөрдүн дээрлик бири-бирине байланышып калышынын себеби эмне? Борбор Азия өлкөлөрүн бирдиктүү энергошакекчеге бириктирүү совет мезгилинде болгон. Бул энергетикалык блог электр линиялары аркылуу байланыштырылган. Алар Казакстандын түйүндөрү аркылуу Орусиянын энергетикалык системасы менен параллелдүү иштеген. Блогдун курамына беш өлкөнүн аймагындагы 83 электр станциясы кирген. Республикалар бири-бири менен ресурстарды ич ара алмашуу аркылуу бөлүшүп келишкен. Суу башы болгон Кыргызстан менен Тажикстан башкаларды сугат суу жана гидроэнергетикалык ресурс менен камсыздаган. Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан жана Орусия өз учурунда мазут, газ сыяктуу күйүүчү жана майлоочу майлардын түрүн ортого бөлүшкөн. СССР ургандан кийин энергетикалык алмашуу системасы бузулду. Мамилелер коммерциялык кызыкчылыктарга негизделе баштады. Буга кошумча схемадан Тажикстан жана Түркмөнстан чыгып кетти. Азыркы учурда Борбор Азияда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан колдонгон жалпы система бар. Андан электр алса болот, бирок ар бир киловатт үчүн кошуна өлкөгө акча төлөш керек же керектелген электрдин ордун толуктоо зарыл.

XS
SM
MD
LG