Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Эртең кыямат кайым болуп калса...


Кимбайке жол белги тууралуу тамаша сүрөтүн сунуштайт. 04.3.2011.
Кимбайке жол белги тууралуу тамаша сүрөтүн сунуштайт. 04.3.2011.

"Акыр заман" тууралуу Артур деген замандашыбыз "Фейсбук" аркылуу таркаткан тамашалуу аңгеме.

ОшМУда иштеген бир кыраакы профессор сабакты минтип баштаптыр:

- Балдар, жакшылап ойлонгула, бүгүн бул дүйнөдөгү жашоонун да, дүйнөнүн да акыркы күнү. Эртең ушул саатта баары бүтөт, кыямат башталат. Эч ким мындан кутула албайт. Айткылачы, бүгүн эмне кылар элеңер?

Профессордун суроосу студенттердин баарын чочутуп, терең ойго салат.

Ар кимиси ар башка жоопторду бере башташты.

Айрымдары тамашага да чалышты:

- Кудайга сыйынып, ибаадат кылып, күнөөлөрүмдүн кечирилишин тилейт элем.

- Бардык сүйгөн адамдарым менен коштошмокмун.

- Үй-бүлөм менен чогуу убакыт өткөрмөкмүн.

- Ата-энеме барып, алардын ыраазычылыгын алып, жардам бермекмин.

- Досторум менен мурунку кездерди эскерип, жарым саат баскетбол ойнойт элем.

- Мечитке (чиркөөгө, синагогго, ыбаадат үйүнө) барып, эртеңге чейин баш көтөрбөй сыйынмакмын.

- Эсебимдеги акчанын баарын кайрымдуулукка жумшаар элем.

- Мен дагы колдон келишинче соопчулук иштерди аткарганга чуркайт элем.

- Менден капа болгон адамдарга барып, баарынан кечирим сурамакмын...

- Алиментти толук төлөмөкмүн!

- Бере албай жүргөн карызымды кайтарып, өзүмө карыздардын карызын кечмекмин.

- Өзүмө алданып калган же өзүм капа кылган кишиден кечирим сурамакмын...

- Теңирге жалынмакмын, каталарым үчүн убайым чекмекмин.

- Сүйгөн кызыма «бүгүн эле үйлөнөлүк» деп батынып сөз айтмакмын.

- Кошунамдын өзүм жөөлөп кеткен кашаасын кайра оңдоп коймокмун.

Ушул сыяктуу айтылгандардын баарын мугалим кара тактага эринбей тизмектеп жазат да, акырында мыйыгынан жылмая мындай дейт:

- Балдар, айткылачы, ушундай сонун иштерди аткарыш үчүн сөзсүз эле эртең кыямат кайым болушу керекпи?

XS
SM
MD
LG